20:58 17 Тогуздун айы 2017
Түз эфир
Кыргызстандык модель Айсулуу Абдыбакасованын архивдик сүрөтү

"КМШ сулуусу — 2017" сынагына КРдин атынан кайсы бийкеч катышары белгилүү болду

© Фото / Lev Babenko
Коом
Кыскача шилтеме алуу
29710

Сынакка КМШ менен мурдагы СССР өлкөлөрүнөн 25 бийкеч катышат. Байге фонду 340 миң долларды түзөт.

БИШКЕК, 19 май — Sputnik. Кыргызстандык модель Айсулуу Абдыбакасова эл аралык масштабдагы сулуулар сынагына катышат.

Профессиональная модель из Кыргызстана Айсулуу Абдыбакасова. Архивное фото
© Фото / Лев бабенко
Кыргызстандык модель Айсулуу Абдыбакасова

"КМШ сулуусу — 2017" сынагы КМШ мамлекеттер аралык комитети, Еревандын экономика министрлиги жана Ереван шаарынын мэриясынын колдоосунун негизинде өткөрүлөт.

Профессиональная модель из Кыргызстана Айсулуу Абдыбакасова. Архивное фото
© Фото / Лев бабенко
Кыргызстандык модель Айсулуу Абдыбакасова

Кыргызстандын намысын коргой турган Айсулуу Абдыбакасова үч кыздын арасынан тандалган.

"Сулууларды тандап жатканда алардын тажрыйбасына көңүл бурулду. Натыйжада көрсөтүлгөн үч бийкечтин ичинен Айсулуу Абдыбакасованы тандап алдык", — деп "КМШ сулуусу" сынагынын уюштуруучусу Наири Мнацаканян билдирди.

Сынакка 13 мамлекеттин сулуулары катышат. Байге фонду 340 миң долларды түзөт.

Мнацаканяндын айтымына караганда, катышуучулар Арменияга 25-майда келип, эки жума бою ар кандай семинарларга жана көргөзмөлөргө катышып, шаар кыдырышат. Сынактын финалдык бөлүгү 6-июнда өтөт.

Тема боюнча

Кыргызстандын атынан сынакка катышкан украиналык кыз биринчи орунду алды
Кыргызстандык бийкечтер Supermodel International сулуулар сынагына катышат
Кыргыз чүрөгү Камбоджадагы сулуулар сынагына катышууда
Белгилер:
сулуулар сынагы, модель, КМШ

ЭҢ МААНИЛҮҮ