Бишкектеги Үмөталиев көчөсүнүн бир бөлүгү 10-июнга чейин жабылмай болду

© Sputnik / Евгений Биятов / Медиабанкка өтүүЖол белгиси. Архив
Жол белгиси. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аталган бөлүккө түтүктөр жаткырылмакчы.

БИШКЕК, 19-май — Sputnik. Борбор калаадагы Үмөталиев көчөсүнүн бир бөлүгү автокыймыл үчүн жабыла турганын шаардын мэриясы билдирди.

Москва көчөсүнөн Токтогулга чейинки аймак 20-майдан тарта жабылып, аталган бөлүккө түтүктөр жаткырылат.

Оңдоп-түзөө иштери 10-июнга чейин уланмакчы.

Жаңылыктар түрмөгү
0