15:48 17 Баш оона 2017
Түз эфир
Тетрадка жазган аял. Архивдик сүрөт

Кыргызстанда болочок эсепчилер жана экономисттер арасында олимпиада өтөт

© Sputnik / Игорь Зарембо
Коом
Кыскача шилтеме алуу
57 0 0

Мелдеш 20-май күнү эртең мененки саат 9:00дө Бишкек шаарында Белорусская 6а көчөсүндө башталат.

БИШКЕК, 19-май — Sputnik. Борбор калаада бухгалтердик эсеп, экономикалык анализ жана аудит боюнча ЖОЖдор арасында республикалык олимпиада өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен кабарлашты.

Билдирүүгө караганда, иш-чара Адеп, ыйман жана маданият жылына карата белгиленет.

"Олимпиада студенттердин профессионалдык билимин тереңдетип Кыргызстандагы жогорку окуу жай студенттеринин жана мугалимдеринин ортосундагы кызматташтыкты бекемдөө максатында уюштурулмакчы", — деп жазылат маалыматта.

Мелдеш 20-май күнү эртең мененки саат 9:00дө Бишкек шаарында Белорусская 6а көчөсүндө башталат.

Тема боюнча

Кыргызстандык окуучулар ойлоп табуучулардын олимпиадасынан байгелүү кайтты
Талды-Суудагы тамтыгы чыккан маданият үйү, концертти мектептен көргөн эл
Белгилер:
студент, олимпиада, ЖОЖ, Кыргызстан

ЭҢ МААНИЛҮҮ