Адал мейманканалар жөнөкөйлөрдөн эмнеси менен айырмаланат

© Sputnik / Рамиль Ситдиков / Медиабанкка өтүүКоран и четки
Коран и четки - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мусулман өлкөлөрдүн туристтери көп учурда ислам стандарттары менен иштебеген мейманканалар жок мамлекеттерге баруудан баш тартышат.

БИШКЕК, 19-май — Sputnik. Татарстандын рестораторлор жана мейманкана ээлери ассоциациясынын вице-президенти Гүлнара Сафина Kazan Summit иш-чарасы учурунда ислам стандарттары менен иштеген мейманканалар туристтерге кандай шарттарды түзүшү керектиги тууралуу айтып берди.

Sputnik Кыргызстан агенттиги алардын ичинен маанилүү делген бешөөнү окурмандарга сунуштайт.

1. Ар бир номерде Каабаны (Мекке) көрсөтүп турган белги, даарат алуу үчүн чөөгүн жана жай намаз болушу керек.

2. Куран китеби да номерлерге коюлушу кажет.

3. Эң башкы эреже — мини-барда спирт ичимдиктери болбошу шарт.

4. Мейманканага конгондор үчүн адал меню жана Орозо учурунда ооз жабуу жана кечинде ооз ачуу учурунда тамак берүү мүмкүнчүлүгү каралышы керек.

5. Адал мейманканалардын дааратканалырында биде болушу талапка ылайык.

Жаңылыктар түрмөгү
0