18:15 12 Бештин айы 2017
Түз эфир
Спорт менен машыгуу. Архивдик сүрөт

Илимпоздор спортту дароо таштаган адамдын ден соолугу кандай өзгөрөрүн аныкташты

© Sputnik / Руслан Кривобок
Коом
Кыскача шилтеме алуу
211 0 0

Илимпоздор дене тарбия көнүгүүлөрүн жасап жүргөндөр, эки жумага эле тыныгуу алса алардын өнөкөт оорулары козголоорун иликтеп чыгышкан.

БИШКЕК, 19-май. — Sputnik. Улуу Британиянын илимпоздору дене тарбия көнүгүүлөрүн жасап жүргөн жаштар дароо эле аны таштап салса кандай кедергисин тийгизе турганын аныкташты. Бул тууралуу РИА Новости EurekAlert илимий маалымат порталына таянуу менен кабарлады.

Илимпоздор дене тарбия көнүгүүлөрүн жасап жүргөндөр, эки жумага эле тыныгуу алса алардын өнөкөт оорулары козголоорун иликтеп чыгышкан.

Бул үчүн адистер 25 жаштагы ден соолугу чың, дене тарбияны такай жасаган 28 адамга атайын эксперимент жүргүзгөн. Анда катышуучулар физикалык активдүүлүктү ченеген билериктерин алып салышкан.

Жыйынтыгында илимпоздор кыска убакытка болсо да физикалык активдүүлүктү азайтуу, адамдын ден соолугуна залакасын тийгизип калышы ыктымал деген пикирге келишкен.

Тема боюнча

Окумуштуулар адам баласы канткенде спорт менен көбүрөөк машыгарын аныкташты
Спорттун кайсы түрү салыштырмалуу кооптуу экенин окумуштуулар аныкташты
Белгилер:
ден соолук, илимпоз, көнүгүү, дене, Улуу Британия
Колдонуу эрежелериПикирлер

ЭҢ МААНИЛҮҮ