Каракол шаарындагы катуу шамал көп кабаттуу үйдүн чатырын учурду

© © фото очевидца, отправленное по Whats App-каналуПоследствия сильного ветра в Караколе
Последствия сильного ветра в Караколе - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Күбөнүн айтымында окуя бүгүн саат 17.10дор чамасында болгон.

БИШКЕК, 18-май — Sputnik. Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында катуу шамал болуп көп кабаттуу үйдүн чатырын учуруп кетти. Бул тууралуу күбө Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Камнепад на автодороге Ала-Бука-Жаны-Базар-Кировка - Sputnik Кыргызстан
Чаткалда сел жүрүп, жүк ташуучу унааны басып калды
Анын айтымында окуя бүгүн, 18-майда саат 17.10дор чамасында болгон. Катуу шамалдан улам беш кабаттуу үйдүн чатырынын ортоңку бөлүгү учуп, каптал тарабына илинип калган.

Ал ошондой эле мындан эч ким жабыркабаганын айтып, учурда ӨКМ кызматкерлери жеринде иш алып барып жатканын кошумчалады.

Эгер кандайдыр бир кызыктуу окуяларга туш болуп калсаңыз сүрөт, видеолорду биздин +996 706 566 544 WhatsApp номери аркылуу жөнөтүп кабарласаңыз болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0