Венгриядагы грант боюнча Билим берүү министрлиги жооп берди

© Sputnik / Алексей Куденко / Медиабанкка өтүүВиды венгерского Дьора
Виды венгерского Дьора - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Билим берүү жана илим министрлиги тандоо турун атайын комитет өткөргөнүн баса белгилейт.

БИШКЕК, 18-май. — Sputnik. Венгрия сунуштаган гранттык орундар боюнча маалымат Билим берүү жана илим министрлигинин сайтына жана массалык маалымат каражаттарына жарыяланган. Бул тууралуу аталган министрликтин маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, студенттерди тандоо үчүн атайын уюштуруу комитети түзүлүп, тандоо турун дал ошол комитет өткөргөн.

"Уюштуруу комитетине "Патриот KG" бирикмесинин өкүлдөрү жана жарандык коомдун активисттери кирип, окууга өтүү үчүн жалпысынан 118 адамдын кайрылуусу келип түшкөн", — деп жазылат маалыматта.

Министрлик тандоодо атайын талаптар коюлганын кошумчалады.

Депутат Жанар Акаевдин архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Акаев: Венгриядагы гранттык окууга ЖК менен өкмөттөгүлөрдүн балдарынын тизмеси кетти
"Талапкерлердин арасында жакшы окугандар, чет тилин билгендиги тууралуу сертификаты барлар жана жеке жетишкендиктери жогору болгондор биринчи турдан өтүшкөн. Экинчи турду Венгрия тарап өткөрөт", — деп жазылат маалыматта.

Эске сала кетсек, депутат Жанар Акаев Венгриядагы грантка Билим берүү жана илим министрлигинде иштегендердин жана депутаттардын балдарынын документтери жөнөтүлгөнүн айтып чыккан.

Жаңылыктар түрмөгү
0