08:37 23 Тогуздун айы 2017
Түз эфир
Мамлекеттик тарых музейинде сакталып, коомчулуктун назарына сунушталбай, катылып жаткан экспонаттар

Сиз көрө элек экспонаттар! Музейдин эл көзүнөн алыс сакталган баасыз байлыгы

© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Коом
Кыскача шилтеме алуу
Мирбек Сакенов
50650

Бүгүн Музейлердин бүткүл дүйнөлүк күнү. Аталган майрамды белгилөө 1977-жылы музейлердин эл аралык кеңешинин отурумунда демилгеленип, 1978-жылдан баштап 100дөн ашык өлкөдө белгиленип келет.

БИШКЕК, 18-май — Sputnik. Музейлердин эл аралык күнүн Кыргызстан да белгилеп келет. Мындан улам Sputnik Кыргызстан агенттиги Мамлекеттик тарых музейинде сакталып, коомчулуктун назарына сунушталбай, катылып жаткан экспонаттарды жарыялоону эп көрдү.

Кыргызстанда учурда 58 музей бар. Анда ар кайсы доорго жана маданияттарга таандык 250 миңден ашык экспонат бар. Алтын, күмүш, керамика, колодон жасалган баалуу тарыхый табылгаларды кездештирүүгө болот. Ошондой эле сейректиги менен айырмаланып, коопсуздук маселесинен улам музейге коюлбай келген табылгалар да жок эмес.

  • Мамлекеттик тарых музейинде сакталып, коомчулуктун назарына сунушталбай, катылып жаткан экспонаттар
    Мамлекеттик тарых музейинде сакталып, коомчулуктун назарына сунушталбай, катылып жаткан экспонаттар
    © Фото / Государственный исторический музей

1 / 5

Аталган зер буюмдар 1958-жылы Чүй облусунун Шамшы капчыгайында жер айдоо иштери учурунда табылган. Анда жер алдынан алтын, күмүш жана колодон жасалган IV-V кылымдарга таандык 150дөн ашык экспонат чыккан. Булар баасы кымбат экспонаттардын айрымдары гана.

Маска лицевая из листового золота. Черты лица схематичны. Миндалевидные глаза с вставками из цветных камней. На щеки и нос маски нанесен рисунок в виде древа жизни, контуры заполнены белой пастой. Чуйская долина. Могильник Шамси IV–V веков нашей эры.
© Фото / Государственный исторический музей
Алтындан жасалган бет кап

Шамшыдагы табылгандардын эң баалуусу катары алтындан жасалган бет капты атоого болот. Жука алтындан жасалган адам жүзүнүн формасындагы табылганын көздөрү түстүү таштар менен кооздолгон.

Сосуд типа мургоби с горловиной. Слив оформлен в виде шеи и головы барана. III-V века. Найдены в долине Кетмен-Тюбе.
© Фото / Государственный исторический музей
Койдун башы менен мойнуна окшоштуруп жасалган кумара

Койдун башы менен мойнуна окшоштуруп жасалган кумара Жалал-Абад облусунан табылган. Экспонат III-V кылымдарга таандык.

Светильник, относящийся к X-XII векам нашей эры. Найден в Таласской долине.
© Фото / Государственный исторический музей
Талас облусунда табылган май чырак

Талас облусунда табылган май чырак. Табылга X-XII кылымдарга таандык.

Тема боюнча

Алыкулдун үй-музейинин абалы. Убайымга салган таберик жай, упаранган дубалдар
Россияда муз дооруна таандык эстелик табылды
Белгилер:
экспонат, музей, Кыргызстан

ЭҢ МААНИЛҮҮ