Депутаттар бүтүрүү кечелерине уруксат берүү маселесин көтөрүштү

© Sputnik / Алексей Мальгавко / Медиабанкка өтүүБүтүрүү кечеси. Архив
Бүтүрүү кечеси. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
КСДП фракциясынын депутаты Дастан Бекешев кечелерге тыюу салган менен окуучулар баары бир аны өткөрүшөрөт деген пикирде.

БИШКЕК, 18-май. — Sputnik. Окуучулардын бүтүрүү кечелерине уруксат берүү керек. Бул тууралуу КСДП фракциясынын депутаты Дастан Бекешев парламентте ар кандай маселелер каралып жатканда билдирди.

Эске сала кетсек, Билим берүү жана илим министрлиги жыл сайын окуучулардын бүтүрүү кечесине тыюу салып келет.

"Бүтүрүү кечелерине уруксат берип, ар бир ресторанга милиция кызматкерлерин коюу менен коопсуздукту сактаса болот. Балким мектеп жетекчилиги милиция менен атайын келишим түзүп, коопсуздугун колго алаар. Алардын ата-энелери өткөрөбүз десе, тартип сакчыларына акча төлөп, өткөрө беришсин", — деди депутат.

Бекешев тыюу салган менен окуучулар баары бир кече өткөрөрүн, ата-энеси бай окуучулар мас болуп алып унаа айдап жүрөрүн кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0