Сооронбай Жээнбеков Нарын облусуна барат

© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевПремьер-министр Сооронбай Жээнбековдун архивдик сүрөтү
Премьер-министр Сооронбай Жээнбековдун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өкмөт башчы Жумгал, Кочкор райондорун кыдырат.

БИШКЕК, 18-май. — Sputnik. Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков бир күндүк иш сапары менен Нарын облусуна барат. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Иш сапаранын алкагында өкмөт башчы "Түндүк-Түштүк" жолунун курулушу менен таанышып, Жумгалдагы ветеринардык клиниканын ишинен кабар алат.

Мындан сырткары, Кочкордогу мал союучу цехти, суу кампаны кыдырып, Чекилдек жана Чаек айылындагы мектептердин курулушу менен таанышат.

Жаңылыктар түрмөгү
0