Бишкекте Корея менен Кыргызстандын тоокторунун генетикасы изилденет

© Sputnik / Алексей Мальгавко / Медиабанкка өтүүТоок чарбачылыгы. Архив
Тоок чарбачылыгы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ушул жылдын август айында Кыргызстанга Түштүк Кореядан атайын делегация келет.

БИШКЕК, 18-май — Sputnik. Улуттук илимдер академиясында инновациялык айыл чарба борбору ачылат. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы кабарлады.

Сүт. Архив - Sputnik Кыргызстан
Өлкөнүн сүт өндүрүү тармагын жакшыртууга 5 млн. доллар керектелет
Билдирүүгө ылайык, академиянын Биотехнология институтунун директору Асанкадыр Жунушев Түштүк Корея мамлекетине иш сапары менен барып, илимий-изилдөө иштери жаатында меморандумга кол коюп келди. Анын негизинде эки өлкө биригип Кыргызстанда айыл чарба өсүмдүктөрүн өстүрүү жана малды асыроо боюнча илимий-изилдөө борборун ачмай болду.

Борбордо илимпоздор Кореянын жана Кыргызстандын тоок тукумдарынын генетикалык изилдөөсүн жана аларды адаптациялоо иштерин аткарышат.

Жунушевдин айтымында, буга чейин мындай келишимдер өнүккөн өлкөлөрдүн ортосунда гана болуп келген. Башкача айтканда, Кыргызстан алдыңкы агротехнологиялар менен иш алып бара турган болсо өнүккөн мамлекеттер арасында чоң утушка ээ боло алат.

"Түштүк Кореяда айыл чарбасын инновациялоонун уникалдуу системасы түзүлгөн экен. Аларда фермерлерди урук, өсүмдүк өстүрүүдөгү жаңы технологиялар менен камсыздоочу жана айыл чарба азыктарын сатууну үйрөтүүчү атайын мамлекеттик структура иш алып барарын көрдүк. Бул тажрыйбаны биз дагы колдонсок ашыкча болбос эле" — деди директор.

Ал эми ушул жылдын август айында аталган аракеттерди улантуу үчүн Түштүк Кореядан атайын делегация келмекчи.

Жаңылыктар түрмөгү
0