Сулуулар, сүйүнчү! Эми Instagram тармагынан мурдагыдан дагы сулуу болосуңар

© Sputnik / Табылды КадырбековПользователь Instagram со смартфоном
Пользователь Instagram со смартфоном - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жаңылануулар жакында App Store жана Google Play Store дүкөнүнө чыгарыла турган 10.21 версиясында пайда болот.

БИШКЕК, 18-май — Sputnik. Instagram социалдык тармагы жаңыланган версиясында бир нече жаңы функциясын тартуулай турганы компаниянын расмий блогунда жазылды.

Бул жолку жаңылануулар видеого тиешелүү. Эми аны артка түрдүрүп көрүүгө болот. Ошондой эле видеону тартып жаткан маалда эле каармандарга маска кийгизип, стикер-хэштегдерди жайгаштырса болот.

Колдонуучулар Stories "терезеси" аркылуу видеону ар кандай өңдөр менен көркүнө чыгара алат. Мындан тышкары, видеонун тескери түрүлгөнүн көрүүгө болот.

Бул жаңылануулардын бардыгы жакында App Store жана Google Play Store дүкөнүнө чыгарыла турган 10.21 версиясында пайда болмокчу.

Жаңылыктар түрмөгү
0