Оштогу аттракциондон кулагандардын абалы белгилүү болду

© Sputnik / Сергей Красноухов / Медиабанкка өтүүКрупное ДТП с участием скорой помощи на Сахалине
Крупное ДТП с участием скорой помощи на Сахалине - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Оштогу сейил бактардын бириндеги карусель кулап 11 адам жабыркаган. Алардын үчөө ооруканада.

БИШКЕК, 17-май — Sputnik. Оштогу аттракциондон жабыркагандардын абалы туруктуу экендигин Саламаттык сактоо министрлигинен кабарлашты.

Парк аттракционов Диво-Остров в Санкт-Петербурге - Sputnik Кыргызстан
Түркияда 15 метр бийиктикке көтөрүлгөн аттракцион жерге жетпей үзүлүп кетти
Жекшемби күнү саат 17.30дарда Алишер Навои атындагы сейил бактагы карусель адамдары менен кошо кулаган. Шаардык оорукананын маалыматына караганда, жабыркаган 11 адамдын үчөө — балдар. Окуя боюнча кылмыш иши козголгон.

Саламаттык сактоо министрлиги ооруканада үч адам калганын маалымдады.

Билдирүүгө караганда, 37 жаштагы аялдын баш сөөгү жабыркап, чекеси жарылган. Ошондой эле колу менен буттары тытылган. Ал эми 18 жаштагы кыз омурткасын кокустатып алса, 22 жаштагы жарандын баш мээси жабыркап, бетинин оң тарабы көгөрүп калган.

Шаршемби күнү ооруканага дагы бир 11 жаштагы кыз алынып келинген. Анын чыканактары менен тизелери сыйрылып кеткен. Жабырлануучуну дарыгерлер карап, үйүнө кое беришкен.

Жаңылыктар түрмөгү
0