Ошто төрт ай ичинде киши койдуруп качып кеткен 11 айдоочу кармалды

CC BY-SA 2.0 / Mark Ou / _1080425Уголовное ответственность на нарушение ПДД
Уголовное ответственность на нарушение ПДД - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Облус милициясынын Кайгуул бөлүмү качкын айдоочулардын бардыгынын изин суутпай колго түшүргөн.

БИШКЕК, 17-май — Sputnik. Ош облусунун аймагында акыркы төрт айдын ичинде адамды унаасы менен койдуруп алган жеринен качып кеткен 11 айдоочу колго түшүрүлгөндүгү тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына Ош ОИИБдин патрулдук милиция бөлүмүнүн маалымат катчысы Айбек Бечелов билдирди.

"Төрт ай ичинде адамдарды койдуруп алып качып кеткен 11 айдоочу колго түшүрүлдү. Жабыр таркандардын экөө кырсык болгон жерден эле көз жумган. Үчөө мектеп окуучулары, калган алтоо чоң адамдар болгон. Жабырлануучулар ар кандай жаракаттар менен ооруканага кайрылган", — деди Бечелов.

Маалыматка караганда, облус милдициясынын Кайгуул бөлүмү 11 айдоочунун тең изин суукпай колго түшүргөнүн кошумчаланды.

Жаңылыктар түрмөгү
0