Жалал-Абад шаарынын утурумдук мэри унаасын айып короодон алып кетти

© Sputnik / Табылды КадырбековОплата автомобильного штрафа в КР
Оплата автомобильного штрафа в КР - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
15-майда түнкү саат 12:00дөр чамасында рейддин жүрүшүндө арткы номери жок Nissan үлгүсүндөгү автоунаа Кайгуул милициясынын буйругуна баш ийбей өтүп кеткен.

ЖАЛАЛ-АБАД, 16-май — Sputnik. Милициянын буйругуна баш ийбеген автоунаа Жалал-Абад шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Турдалы Темирбаевге таандык болгон. Бул тууралуу аймактык кабарчы милицияга таянуу менен билдирди.

Новая служба “Патрульной милиции” МВД КР в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Кайгуул милициясы: кылмыштардын саны кыскарып, жол кырсыктары азайды
Облустук милициядан маалымдашкандай, 15-майда түнкү саат 12:00дөр чамасында рейддин жүрүшүндө арткы номери жок Nissan үлгүсүндөгү автоунаа Кайгуул милициясынын буйругуна баш ийбей өтүп кеткен.

Милиция анын артынан түшүп, шаардык мэрияга тиешелүү (мамлекеттик номери 0032 DB) кызматтык автоунааны мэрдин милдетин аткаруучу Турдалы Темирбаев айдап бара жатканын аныктаган.

Машина айып короого токтотулуп, Темирбаевге карата протокол түзүлгөн.

Мэрдин милдетин аткаруучу Турдалы Темирбаев Sputnik Кыргызстан агенттигине аны милиция кызматкерлери артынан кууп келип токтотконун айтты.

"Айдоочум машинаны жууп жатканда анын номерлери сынып калганын байкап, алып койгон экен. Ал жумуштан эрте кеткен эле. Мен кечки саат 10:30дарда жумуштан чыгып кетип баратканда милиция артыман кууп келип, арткы номери жок деп токтотту. Мыйзамга ылайык, аларга документтеримди көрсөттүм. Эртең менен барып айыптарды төлөп мыйзам чегинде машинаны алып кеттим", — деди ал.

Буга чейин облустук милиция бир айлык рейд уюштуруп, анда кызмат абалынан пайдаланганып мыйзам бузган айдоочуларды аныктай турганын билдирген. 

Жаңылыктар түрмөгү
0