Өлкөдө кыйноого кабылгандар үчүн алгачкы реабилитациялык борбор ачылды

© AFP / NOEL CELISКол кишенчен адамдын архивдик сүрөтү
Кол кишенчен адамдын архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бул кыйноодон жабырлануучуларга колдоо көрсөтүүчү Борбор Азиядагы жалгыз мекеме болуп саналат.

БИШКЕК, 16-май — Sputnik. Кыргызстанда кыйноо жана катаал мамиледен запкы чеккендер үчүн алгачкы реабилитациялык борбор ачылгандыгы тууралуу КРдеги кайноого каршы коалициясынын маалымат кызматынан билдиришти.

Пострадавший от рук милиционеров Автандил Тынышев - Sputnik Кыргызстан
Жабырлануучу: мас милиционерлер кабыргаларымды сындырып, уурулукка айыпташты
Аталган уюмдун маалыматына караганда, 2007-жылы Кыргызстанда кыйноого кабылгандарга "Голос свободы" коомдук фондунун реабилитациялык программасынын алкагында жардам көрсөтүлгөн.

Аталган программа БУУнун Ыктыярдуу фонду жана Кыйноонун курмандыктарын реабилитациялоо боюнча эл аралык кеңештин колдоосунда ишке ашкан.

Ошондон бери 500дөй жабырлануучуга медициналык, психологиялык жана социалдык жардам көрсөтүлгөн.

Эми бул программа өзүнө психолог, психиатр, социолог, психотерапевт, терапевт жана кейс-менеджер сыяктуу адистерди камтыган борборго айланды.

Ал кыйноодон жабырлануучуларга колдоо көрсөтүүчү Борбор Азиядагы жалгыз мекеме болуп саналат.

Жаңылыктар түрмөгү
0