Милициянын киши колдуу болгонун жашырган сот-медициналык бөлүмдүн башчысы кесилди

Жазылуу
Маркумдун туугандарынын өтүнүчү менен каза болгон жарандын сөөгү эксгумацияланып, кайрадан экспертиза дайындалган.

ОШ, 16-май — Sputnik. Ош облустук сот-медициналык экспертиза бюросунун Алай райондук бөлүмүнүн башчысы киши колдуу болгон милициянын сержантынын өлүмү боюнча жалган корутунду чыгарып бергени үчүн үч жылга эркинен ажыратылды. Өкүм Ош шаардык соту тарабынан чыкканын жабырлануучу тараптын жактоочусу Болот Баетов аймактык кабарчыга билдирди.

Часть жилмассива Энесай заблокирована милицией, идет проверка домов - Sputnik Кыргызстан
Кыргыз милициясы бир кылым ичинде 145 кызматкерин иш учурунда жоготкон
Эске салсак, былтыркы жылдын 21-сентябрында Mersedes-Benz үлгүсүндөгү унаа Сары-Могол айылынан Сары-Ташка бара жатып жолдун түштүк тарабындагы тосмону сүзүп кырсыкка кабылган. Натыйжада унаанын алдыңкы отургучунда отурган Майрамбек Нажинов алган жараатынан улам окуя болгон жерде каза болгон. Маркумдун жакындары иш Алай РИИБи тарабынан акыйкат караларынан күмөн санап, Ош ОИИБге кайрылышкан. Алар Нажинов киши колдуу болушу мүмкүн экенин айтышкан.

"Жол кырсыгына кабылган автоунаанын айдоочусу кармалып, камакка алынган. Ага кылмыш-жаза кодексинин 104-беренеси менен кылмыш иш козголуп, тергөө амалдары улантылып жатат. Ал эми сот-медициналык экспертиза бюросунун Алай райондук бөлүмүнүн башчысы кырсык болгон күнү Нажиевдин денесин Алай райондук ооруканасынын өлүк сактоочу жайында караган. Бирок толук изилдеген эмес. Нажиев жол кырсыгына чейин алган жаракаттарды көмүскөдө калтырып, жалган корутунду жазып берген", — деди жактоочу Баетов.

Маркумдун туугандарынын өтүнүчү менен каза болгон жарандын сөөгү эксгумацияланып, кайрадан экспертиза дайындалган. Анын жыйынтыгында Нажинов киши колдуу болгону аныкталганын жактоочусу буга чейин маалымдаган болчу. 

Билдирүүгө ылайык, милициянын сержанты Майрамбек Нажиев Алайдагы мектептин курулуш иштерине чейин Ички иштер министрлигинин алдындагы атайын адистештирилген күзөт кызматынын Кадамжай райондук бөлүмүндө иштеген. Маркумдун артында үч баласы калды.

Жаңылыктар түрмөгү
0