Таласта Райымжан Курбановдун адабий кечеси өтөт

© Фото / Алия СамидинКитепканадагы окурмандар. Архив
Китепканадагы окурмандар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Дал ушундай иш-чаралар Кыргызстандын ар тарабында өткөрүлмөкчү.

БИШКЕК, 16-май — Sputnik. Республикалык кыргыз тил коомунун жетекчиси Райымжан Курбановдун адабий-музыкалык кечеси 17-май күнү Талас шаарындагы Атай Огонбаев атындагы музыкалык мектепте өтөт. Бул тууралуу уюштуруучулар Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

"Бул күнү "Тил жана маданият" гезитинин дагы төрт жылдык мааракесин белгилейбиз. Мен чыгармаларды окуп, арасында Таластын жаштары өз таланттарын тартуулашат. Бул кеченин максаты — эл арасына чыгармачыл адамдарды алып чыгуу, кыргыз адабиятына көңүл бөлүү", — деди Курбанов аны менен байланышканыбызда.

Дал ушундай иш-чаралар Кыргызстандын ар тарабында өткөрүлмөкчү.

Жаңылыктар түрмөгү
0