Осмонкул көчөсүнүн бир бөлүгү 4-июнга чейин жабылды

© Sputnik / Табылды КадырбековДорожный знак "Ремонт дороги" и "Объезд"
Дорожный знак Ремонт дороги и Объезд - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жылуулук түтүктөрүн төшөө боюнча ремонт иштери келерки кыш мезгилине даярдануунун алкагында жүргүзүлүп жатат.

БИШКЕК, 15-май. — Sputnik. Осмонкул көчөсүнүн бир бөлүгү жылуулук түтүктөрү төшөлүп жатканына байланыштуу убактылуу жабылганын Бишкек мэриясынын маалымат кызматынан билдиришти.

Весенний ремонт автодорог - Sputnik Кыргызстан
Бүгүнтөн тарта Турусбеков көчөсүнүн бир бөлүгү жабылат
Бишкектин капиталдык курулуш башкармалыгынын маалыматына караганда, кыймыл Огонбаевден Чүй проспектисине чейин чектелген.

Түтүк төшөө иштерин "Кыргыз Каганат" ЖЧКсы борбор калааны 2017-2018 күз-кыш мезгилине даярдоонун алкагында аткарууда. Оңдоо 4-июнда аягына чыгат.

Шаар жетекчилиги ыңгайсыздыктар үчүн Бишкек тургундарынан кечирим сурап, унаа тыгынын алдын алуу максатында альтернативдик каттамдарды тандоону сунуштайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0