Паспорт жоготкондорго жардам иретинде электрондук портал ачылды

© Sputnik / Жоомарт УраимовПаспорт гражданина Кыргызской Республики
Паспорт гражданина Кыргызской Республики - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жаңы саамалыктын жардамы менен документин жоготкондор кайра башынан жаңы паспорт алууга чуркабай калат.

БИШКЕК, 13-май — Sputnik. Мамлекеттик каттоо кызматы бирөөнүн паспортун таап алгандар болсо калкты тейлөө борборуна же паспорт столго алып келип тапшырууга чакырат. Бул тууралуу МККнын маалымат кызматы билдирди.

Жоголгон паспортторду тапшыргандан кийин анын табылгандыгы тууралуу маалымат электрондук базага киргизилип, e.srs.kg электрондук порталынын документтерди көзөмөлдөө бөлүмүнө жайгаштырылат.

Мындай жол менен жарандар жоголгон паспортунун табылганы туурасындагы маалыматты онлайн режиминде көрө алат. Жаңы саамалыктын жардамы менен документин жоготуп алгандар кайра башынан жаңы паспорт алууга чуркабай калат.

Ошондой эле МКК жаңы паспорт алып жаткандар электрондук анкета толтуруп жаткан маалда аты-жөнүн жазууда кылдат болуусу керектигин эскертет.

Жаңылыктар түрмөгү
0