Мүрзөлөрдү казып, өлүктөрдү зордуктаган бишкектик аңги тууралуу баян

© Фото / Александр ЗеличенкоЗнаменитый фрунзенский некрофил Михаил Лукьянов
Знаменитый фрунзенский некрофил Михаил Лукьянов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
30 жылга чукул мүрзөлөрдө көчүп-конуп, жаш кыздардын өлүгүн зордуктаган Фрунзенин тургунун Кыргызстан эле эмес, Россия менен Казакстандын милициясы да издеген.

Белгилүү публицист, милициянын отставкадагы полковниги Александр Зеличенко кылмыш дүйнөсүндөгү жүздөгөн окуяларды эсине тутуп келет. Кылмыш иликтөө бөлүмүндө эмгек жолун баштоо менен шаардык ички иштер бөлүмүн, Ысык-Көл облустук кылмыш иликтөө бөлүмүн, Кыргызстандагы баңгизат бизнеси менен күрөшүү кызматын, ИИМди реформалоо борборун жетектеген. 

© Sputnik / Азамат ТотубаевБелгилүү публицист, милициянын отставкадагы полковниги Александр Зеличенко
Известный публицист, полковник милиции в отставке Александр Зеличенко - Sputnik Кыргызстан
Белгилүү публицист, милициянын отставкадагы полковниги Александр Зеличенко

Зеличенко менен маек үчүн жолугуп, бирок биздин баарлашуу абдан кызык нук алгандыктан, айтып бергендерин бир нече бөлүк менен окурмандарга сунуштоону туура көрдүк. Бул бөлүктө Кыргызстандын аймагында коомчулукту дүрбөлөңгө салган кылмыштар туурасында кеп болмокчу. Алгачкы окуя Фрунзеден чыккан некрофил (маркумдардын сөөгүн кордогон зордукчул) жөнүндө. Ал 28 жыл бою мүрзөлөрдө көчүп-конуп, өз кумарын кандырып жүргөн!

Милицияны түп көтөргөн аңги

Александр Зеличенконун баянында аңги мындай кылмыштан сексуалдык канаат алып, өз кумарын кандырчу экен. Эң кооптуусу – рахат алуу үчүн ал мындай нерседен эч качан оолактай албайт.

Республиканская психиатрическа больница в селе Чым-Коргон - Sputnik Кыргызстан
Угулган үндөрдөн улам балдарын өлтүрүп койгон. Чым-Коргондогу ооруканадан репортаж
Атактуу некрофилди милиция 28 жыл издеп, акыры 1997-жылы кармаган. Ал дүң болуп турган маалда мен жаңыдан кылмыш иликтөө бөлүмүнө ишке орношком. Кылмышкер бир жерде жашаган эмес, көчүп-конуп турган. Айыл-кыштак, Бишкек, Чүй өрөөнүндөгү мүрзөлөр, алтургай, Казакстан менен Россияга чейин барган. Аталган аймактарда милиция түп көтөрүлгөн.

Баарылап издегенбиз. Атайын некрофилдер боюнча адистешкен москвалык адистердин бригадасы тартылган.

Анын изин кууп биз да мүрзөлөрдө түнөчүбүз. Алыстан байкоо салуу үчүн түндө жарык берчү жабдыктар менен отуруп, кылмышкерди тузакка түшүрүүгө аракет кылчубуз. Бирок ал изин суутуп, эч бир жерде колго түшпөдү.

Жаш кыздын сөөгүн мүрзөгө алып келгенде көмүү процессин ал атайын аңдып турчу экен. Баары узаганда, көрдү казып, өз кылыгын кылган. Ишин бүтүргөндө сөөктү жерге жашырбастан кете берчү. Таңда келген кароолчу айласыздан кайгыдан башын көтөрө албай жаткан туугандарына кабар берет. Элестете аласыңарбы? Чынында акылдан алчу көрүнүш да…

Кимди издеп жатканыбыз да белгисиз эле – эч бир из калтырчу эмес. 

© Фото / Александр Зеличенко"Биринчи жолу өлүк менен катнашка баргандан кийин ушул кезге чейин эмне эңсеп келгенимди түшүндүм", — деп көрсөтмө берген некрофил Лукьянов
Знаменитый фрунзенский некрофил Михаил Лукьянов - Sputnik Кыргызстан
"Биринчи жолу өлүк менен катнашка баргандан кийин ушул кезге чейин эмне эңсеп келгенимди түшүндүм", — деп көрсөтмө берген некрофил Лукьянов

Мүрзөнүн байырлаган азезил

Кеминден колго түштү. Алгач баягы некрофил экенине эч ким ишенген жок. Аны менен өзүм жеке баарлаштым. Профессионалдык да, адамдык көз караштан да мынчалыкка кантип жеткени абдан кызык болду. Анан ал мага баарын айтып берди. Ошондо ал 46 жашта болчу. Андан кадимкидей көр жыттангандай сезилди, айтып бергендери күнү бүгүнкүдөй эсимде…

Баары 1969-жылы башталыптыр. Полиомиелит менен ооруп калган соң, ал киши селсаяк болуп кетет. Анын себебин өзү да түшүндүрүп бере алган жок. Себеби учурунда мыкты адис болуптур, чарбалык курулуштарды, дубалдарды тургузчу экен. Бирок белгисиз жерлер азгырып, ушинтип күн кечирүү өзүнө да жаккан имиш. Бир жерде нан тапса, бир жерде курсагын тойгузушкан, дагы бирөө тыйын-тыпыр берип койчу экен. Негизинен, ал бейиттерди байырлап келиптир — маркумдардын жакындары туугандарын эскерип, ага да тамак калтырып кетишчү. Ошо менен азыктанып жүрчү экен. Көрсө, анын деле кадимкидей эле аялы болуптур. Атайын таап келип, кийинтип, тамактандырып кетчү экен. 

© Фото / Александр Зеличенко"Ичимде кандайдыр бир жин бар экенин билем, бирок андан арылууга дараметим жок. Мен ушундай болуп төрөлгөм", — деди Лукьянов
Знаменитый фрунзенский некрофил Михаил Лукьянов - Sputnik Кыргызстан
"Ичимде кандайдыр бир жин бар экенин билем, бирок андан арылууга дараметим жок. Мен ушундай болуп төрөлгөм", — деди Лукьянов

"Мүрзөнү алгач казганымда эмне эңсеп жүргөнүмдү билдим"

Некрофилдин көрсөтмөлөрүнөн:

Эркектик ал-күчүм анчейин болчу. Кээде аялдар менен ишим оңунан чыкса, кээде күчүм жетчү эмес. Көбүнчө жолум болбой калчу. Ошондуктан аялдардан жатыркап турчумун, анткени алар мени мазакташчу.

Кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан
Илдетти иликтегенде: кыргызстандыктар көп тушукчу психикалык оорулар
Бейитте түнөп жүргөн күндөрдүн биринде жаңы мүрзөнү байкадым. Жаш кыз көмүлгөнүн окудум, 3-4 ай болуптур. Ошондо эркектик каалоом күч алды… Болуп көрбөгөндөй бир нерсени сездим. Көрдү кадимки ит сымал каза баштадым. Сөөккө жеткенимде бел суум түштү, болуп көрбөгөндөй кумарландым да дал ошондо эмнени эңсеп жүргөнүмдү түшүндүм. Анан бүт аймакты кыдыра баштадым. Мындай үрөй учурган, бардык динде жазалана турган кылмыш үчүн мени сары изиме түшүп издешерин да түшүнгөм, бирок уланта бердим.

Казылган көрдөн табылган

1997-жылы некрофил Кеминдеги мүрзөдө түнөп, жаш кыздын жаңы көмүлгөн бейитин көрөт. Каза баштайт. Ал кезде көр казуучу шаймандарды да кошо ала жүрчү болгон. Терең казып бүтүп, гробду ачкан маалда нөшөр башталат. Так ошол кезде гробдун үстүңкү бети башына тийип, эс-учун жоготуп, ачылган көрдө калып калган жеринен аны кароолчу тапкан. Милицияга чалып, атайын топ дароо жетип келген. 

© Фото / Александр ЗеличенкоМихаил Лукьянов өгөй атасын өлтүрүп, 48 кыздын сөөгүн кордогон
Знаменитый фрунзенский некрофил Михаил Лукьянов - Sputnik Кыргызстан
Михаил Лукьянов өгөй атасын өлтүрүп, 48 кыздын сөөгүн кордогон

"Ичимде бир жин бар"

Сүйлөшкөнүбүздө ал акыл-эси жайындагы эле адам көрүндү. "Ичимде бир жин олтурганын түшүнүп турам, ушундай туулуп калсам, эмне кылайын" деген. Илимде некрофилдерди акылы айныгандардын катарыны кошушат, бирок ал кишинин акылы жайында эле. Эч нерсе жашырган жок, эсиндегилердин баарын айтып берди. Узакка созулган тергөө маалында аны Казакстан, Россия, биздин өлкөдөгү да бейиттерге алпарып келишти. Аны дайым атайын күзөт кайтарып жүрчү.

Абакта ага кечирим болгон жок

Куткаруу кызматынын жетекчиси Артур Эрназаров. Архив - Sputnik Кыргызстан
Куткаруучу: аялдын үзүлүп калган бутун көрүп өзүбүздү жоготуп койдук
Криминалистиканын тарыхында мындай желмогуздар кылмыш кылуудан өздөрү ооздукталып калган учур болгон эмес. Аларды же түрмө, же оору, же өлүм токтотот.

Кемин районунда соттолуп, он жылга кесилди. Абакта ал асынып алыптыр. Темир тор аркасынын өз мыйзамдары бар, анын мындай кылмышын эч ким кечире алган жок.

Менин эсимде ал кандайдыр бир бөтөн планетанын кишисиндей болуп сакталып калды. Акыл-эстүү адам эмес. Эгер Совет маалында кармалса, балким аны иликтөөгө ири эмгектер багышталмак. Ал туурасында Чикатило жөнүндөгүдөй жазышмак…

Жаңылыктар түрмөгү
0