Абулгазиев дотацияда турган айылдарды кантип көтөрүү керектигин айтты

© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевБиринчи вице-премьер Мухамметкалый Абулгазиевдин архивдик сүрөтү
Биринчи вице-премьер Мухамметкалый Абулгазиевдин архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Биринчи вице-премьер мындай аракеттерди ишке ашыруу менен элдин убактысын үнөмдөп, калкты тейлөөнүн сапатын жогорулатып, каражатты сарамжалдуу пайдаланууга негиз саларын баса белгиледи.

БИШКЕК, 13-май — Sputnik. Мамлекеттик айрым ыйгарым укуктарды жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өткөрүп берүү айылдардын дотациядан чыгып, өз алдынча өнүгүүсүнө шарт түзөт. Мындай пикирин биринчи вице-премьер Мухамметкалый Абулгазиев билдиргенин өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

Белгилей кетсек, 12-майда айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өткөрүп берүү боюнча жумушчу кеңешме өткөн.

Абулгазиев мындай аракеттерди ишке ашыруу менен элдин убактысын үнөмдөп, калкты тейлөөнүн сапатын жогорулатып, каражатты сарамжалдуу пайдаланууга негиз саларын баса белгиледи.

"Ар бир министрлик кайсы милдеттерин өткөрүп берерин тактап, эсебин чыгарып, тийиштүү деңгээлде отчет даярдашы керек. Бул боюнча иштин аткарылышын министрлердин орун басарлары өз жоопкерчилигине алсын", — деди ал.

Жыйында министрликтер менен ведомстволордун жетекчилери өз тармагындагы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өткөрүлө турган милдеттерди талкуулашты.

Жыйынтыгында Абулгазиев тиешелүү мамлекеттик органдарга жакынкы аралыкта бардык аймактарга өткөрүлө турган милдеттерди так аныктаган механизм менен кошо анын каржы жактарын эсептеп чыгууну тапшырды.

Жаңылыктар түрмөгү
0