Окуучуларды коюп кетүүгө шектелип таксист кармалды. Ал күнөөсүз экенин айтууда

© Фото / пресс-служба УМП ГУВД БишкекаАвтомобиль одного из задержанных подозреваемых в наезде на детей на пешеходном переходе по улице Абдрахманова
Автомобиль одного из задержанных подозреваемых в наезде на детей на пешеходном переходе по улице Абдрахманова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Милиционерлер такси кызматына барып шектүүнү кармашкан.

БИШКЕК, 12 май — Sputnik. Такси кызматында иштеген жаран окуучуну койдуруп кетүүгө шектелип кармалды. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына Бишкек шаардык Кайгуул милиция башкы башкармалыгынан кабарлашты.

Кудайбергенден окуучуну сүзүп кетти делген айдоочу: ичип алган болчумун - Sputnik Кыргызстан
"Кудайбергенден" окуучуну сүзүп кетти делген айдоочу: ичип алган болчумун
Бүгүн борбор калаанын Абдрахманов көчөсүнөн жөө адамдар өтө турчу жол чийинден эки окуучуну эки унаа койдуруп кеткен. Lexus машинасынын айдоочусу окуя болгон жерден кеткен эмес, ал эми Honda Civic үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу из жашырган.

Кайгуул милициясы такси кызматына барып, кайсы айдоочулар түштүк аймактагы кичирайондорго заказ алып, Абдрахманов көчөсү менен жүргөнүн сураштырган. Натыйжада төрт машина аныкталган.

"Айдоочулардын бири окуяга себепкер болгонун моюнга алды. Навигация системасы дагы анын Абдрахманов көчөсү менен кеткенин тастыктады", — деп милициядан маалымдашты.

Айдоочу окуучуну сүзүп кетпегенин, окуучу болгону унаанын капталына урунганын билдирген. Учурда анын унаасы айып короого токтотулуп, тергөө иштери жүрүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0