Каның катып суусап, кийин көзүң көрбөй калышы мүмкүн. Кант диабетинин каары

© AP Photo / John LocherСахар диабети менен ооруган аял озүнө инсулин уколун жасоого даярданууда. Архив
Сахар диабети менен ооруган аял озүнө инсулин уколун жасоого даярданууда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кант диабети менен көптөн бери жабыркап жүрүшүңүз толук мүмкүн. Алгач илдет анчейин тынчыңызды албайт, демекиден ашыгыраак суу ичип, бүйлөңүз ооруксунуп... Анан эле бир күнү буттан ажырап калышыңыз ыктымал экен.

Ольга — Бишкектеги көп кабаттуу үйлөрдүн биринин тургуну. Көпчүлүктүн көзүндө болууну каалабагандыктан белгисиз бойдон калууну суранды. Диабетке чалдыккан Ольганын көзү көрбөй, бутун кестирип, үйүнөн чыга албай калган.

"Ири компанияда жетектөөчү кызматта иштедим. Жумушта эми ар кандай болот да, көп учурда жинденип, туталанып, стресс абалында жүрчүмүн. Анан эле дартым өрчүп кетти. Ушундай болорун билсем, мынчалык нерв болмок эмесмин", — деди Ольга.

Онго чейин санаңыз сиз санаганча кант диабети кимдир бирөөнүн өмүрүн алат - Sputnik Кыргызстан

18 жаштагы Нарбек Анарбеков да сүрөткө түшүүдөн баш тартты. Диабет менен ооруганын жаш жигит төрт жыл мурун өзүнүн туулган күнүндө билген.

Куурчак. Архив - Sputnik Кыргызстан
Диабет менен ооруган наристенин энеси: балаңыз суусаса, доктурга көрсөтүңүз! Суранам!
"Андан бир жума мурун лимонад ичкем, анан эле аябай суусап туруп алдым. Эки күндүн ичинде 10 килограммга арыктап кеттим. Ооруканадан организм өтө алсыз болуп калганын айтып, капельница коюшту, бирок андан жардам болгон жок. Туулган күнүмдө досторум менен 10 мүнөттөй да отура алган жокмун, ооруканага жаткырышты", — деп айтып берди Нарбек.

Кандагы канттын көлөмүн текшере келгенде нормасынан 5 эсе көп экени аныкталган. Дарыгерлердин айтымында, дартка Ольганыкындай эле стресс себепкер болгон. Эми Нарбек тамактануусуна дыкат көңүл бөлүшү керек.

"Тамактын баарын эле жей берүүгө болот, бирок чени менен. Граммдап санап турам. Таттууну да аябай каалаганда гана жей алам. Суудан башка азыктын баары кантты жогорулатып жиберет экен", — деди жигит.

КМШ мамлекеттеринин Парламенттер аралык ассамблеясынын алдындагы саламаттыкты сактоо боюнча эксперттик кеңештин мүчөсү Марина Шипулинанын түшүндүргөнү боюнча кант диабети уйку бездин инсулин иштеп чыкпай калышынан улам өрчүп кетет.

© Sputnik / Максат ЭлебесовКМШ мамлекеттеринин Парламенттер аралык ассамблеясынын алдындагы саламаттыкты сактоо боюнча эксперттик кеңештин мүчөсү Марина Шипулина
Член Экспертного совета по здравоохранению при Межпарламентской Ассамблей стран СНГ Марина Шипулина - Sputnik Кыргызстан
КМШ мамлекеттеринин Парламенттер аралык ассамблеясынын алдындагы саламаттыкты сактоо боюнча эксперттик кеңештин мүчөсү Марина Шипулина

"Буга экология, туура эмес тамактануу, стресс себепкер болушу мүмкүн. Өзгөчө тукумунда диабетиктер бар адамдар ден соолугуна өзгөчө көңүл бурушу керек", — деди адис.

Анын айтымында, катуу суусоо, тез чарчоо, теринин кургап кетиши кант диабетинин алгачкы белгилери болуп саналат. Кээде аталган оору көпкө чейин билинбей жүрө берет.

"Жабык диабет деген түшүнүк бар. Адам 10-15 жылдан бери диабет менен ооруп, бирок андан эч кабары жок жүрө бериши ыктымал. Анан эле бир күнү инфаркт болуп, же көзү көрбөй калат. Кээде кан тамырлары бузулуп, гангрена башталып кетиши мүмкүн", — деди Шипулина.

Кыргызстандын Диабетикалык жана эндокринологиялык ассоциациясынын президенти Светлана Мамутова өлкөдө жыл сайын кантка анализ тапшырып келгендер анча көп эмес.

Кант диабетине кабылгандардын жарымы өзүнүн дарты тууралуу билишпейт - Sputnik Кыргызстан

"Ушу тапта өлкөдө кант диабетине чалдыккан 55 миң адам каттоодо турат. Бирок булар дарты тууралуу билгендер гана! Биз Жогорку Кеңеште, шаардык кеңеште иликтөө жүргүзүп көрдүк. Көрсө ар бир онунчу кишинин канты өз нормасынан ашык экен", — деди Мамутова.

Эмчек операциясында даярданып жаткан айым. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда жыл сайын 100 миң аялдын 10у эмчек рагына чалдыгат
Ал Кыргызстандагы диабетиктер финансылык кыйынчылыкка туш болорун белгилеп өттү. Мисалы, дары-дармек менен акысыз биринчи түргө кирген бейтаптар гана камсыз боло аларын айтып өттү. Буга организми инсулин бөлүп чыгарбаган жаш курактагылар кирет. Алар бардык бейтаптардын 5 пайызын гана түзөт.

"Инсулин инъекциялары боюнча эч кандай көйгөй жок, дүйнөлүк өндүрүүчүлөрдөн мыкты сапаттагы дары каражаттарын алып жатабыз. Шприцтер да бекер. Ал эми диабеттин экинчи түрү менен жабыркаган бейтаптар таблеткаларды өз эсебинен алууга аргасыз. Эң арзаны айына 200 сомду түзөт", — деп айтып берди эксперт.

Ошондой эле үй шартында канттын көлөмүн аныктоочу глюкометр менен тест-таякчаларды да сатып алууга туура келет. Негизи мыйзам боюнча алар бекер берилиши керек, бирок мамлекеттин ага кудурети жетпейт. Мындан улам чыгымдын басымдуу бөлүгү бейтаптардын мойнуна түшөт.

"Тест-таякчалардын бир таңгагы 700 сом турат. Ал болгону 10 күнгө гана жетет. Азыр чыгымдын бир бөлүгү бюджеттин эсебинен болуп жатат, бирок мамлекет бир жылда 200 тест-таякчаларын гана сатып алууга жөндөмдүү. Ал эми айрым бейтаптар бир күндө бешөөнү алууга мажбур. Глюкометрдин өзү 100 доллардын айланасында", — деп түшүндүрүп берди Мамутова.

Ар 30 секундада кант диабетинин кесепетинен кимдир бирөөнүн дене мүчөсү кесилет - Sputnik Кыргызстан

КМШ мамлекеттеринин Парламенттер аралык ассамблеясынын алдындагы саламаттык сактоо боюнча эксперттик кеңештин мүчөсү Марина Шипулина аталган көйгөй постсоветтик айдыңда биргелешип чечилиши керек деген пикирде. Бүгүн, 12-майда Бишкекте КМШ жана Түштүк Европа өлкөлөрүнүн диабетикалык ассоциациялар саммити өтөт.

Балдар онкологиясынын бейтабы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Менин жашагым келет! Ажалдын оозунан кайткан бөбөктөрдүн окуясы
"Бул маселе мамлекеттин деңгээлинде чечилиши керек. Эгер ооруну алгачкы этабында аныктоо жана бейтаптарга тийиштүү жардам бере турган шарттар түзүлсө, бул мамлекеттин өзүнө экономикалык жактан да пайдалуу болмок. Анткени мындай дартка чалдыккан адам толук кандуу иштеп, үй-бүлө күтүп узак жашоого толук мүмкүнчүлүгү бар. Оорунун алдын алуу аны дарылоого караганда арзан эмеспи", — деди эксперт.

Анын айтымында, диабет мектептерин ачуу керек, мында дарыгерлер менен медайымдар бейтаптардын тобуна дарт менен кантип күрөшүү керектигин үйрөтөт. Бул аракеттер диабет менен ооруган адамдарга өзүнө ийне сайып, туура тамактануусуна чоң өбөлгө болмокчу.

Жаңылыктар түрмөгү
0