00:21 25 Тогуздун айы 2021
Түз эфир
  • USD84.7875
  • EUR98.7011
  • RUB1.1965
Коом
Кыскача шилтеме алуу
16240

Муратов адабиятчылык, жазуучулук, педагогдук, котормочулук жана публицист-журналисттик кесиптерди аркалап келет.

БИШКЕК, 12-май — Sputnik. Борбор калаада окумуштуу, педагог Абдыкерим Муратовдун 60 жылдыгына карата "Ааламдашуу доорунда адабият менен педагогиканын ролу" деп аталган эл аралык илимий-тажрыйбалык конференция өтүп жатат.

Анда кыргызстандык окумуштуулар "Кыргызстандын мектептердеги билим берүүдөгү социалдык жагдайлар", "окумуштуулук жана инсандык изденүүлөрдүн баалуулуктары" деген темада баяндамаларды жасайт.

Ал эми Казакстандан келген окумуштуу, Абай университетинин өкүлү, Казакстан илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти Бактияр Сманов "Казак мектептеринин окуучуларынын окурмандык жөндөмдүүлүгүнүн калыптанышы" деген темада илимий докладын сунуштайт.

Муратов — педагогика илимдеринин доктору, профессор. Ал адабиятчылык, жазуучулук, педагогдук, котормочулук жана публицист-журналисттик кесиптерди аркалап келет.

Ал адабият таануу, адабий сын, педагогика, адабиятты окутуу, эл таануу, публицистика багыттарында 50дөн ашык китептин жана 1500дөн ашуун макаланын автору жана авторлошу. Кыргыз Республикасынын эл агартуу отличниги, Кыргызстан журналисттер союзунун "Манас руху" сыйлыгынын лауреаты, КР президентинин Ардак грамотасынын ээси. Россиянын табигый илимдер академиясынын Ушинский атындагы медалынын ээси жана ал академиянын мүчө-корреспонденти. Билим берүүнүн жана илимдин эмгек сиңирген ишмери.

Ушу тапта Муратов Ишеналы Арабаев атындагы КМУнун педагогика кафедрасынын профессору. Педагогика, психология илимдеринин доктору окумуштуулук даражасын коргоо боюнча диссертациялык кеңештин төрагасы болуп саналат.

Тема боюнча

Бишкекте "Боронбай бий жана жети аке феномени" чечмеленет
Белгилер:
Абдыкерим Муратов, окумуштуулар, юбилей, илимий конференция

ЭҢ МААНИЛҮҮ