Түркиядагы парктарынын бирине Чыңгыз Айтматовдун ысымы ыйгарылат

© Sputnik / Владимир Вяткин / Медиабанкка өтүүПисатель Чингиз Айтматов
Писатель Чингиз Айтматов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Стамбулдагы Малтепе районунун бийлиги аталган аймактын борбордук паркына жазуучунун атын ыйгаруу чечимин кабыл алды.

БИШКЕК, 11-май. — Sputnik. Түркиядагы сейил бактардын бирине улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун аты берилмей болду. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана турзм министрлиги билдирди.

"Чыңгыз Айтматов атындагы Ысык-Көл форуму" коомдук бирикмесинин президенти Аскар Айтматовдун айтымында, аталган сейил бак Стамбулдун негизги трассасынын боюнда жайгашкан.

"Мындан сырткары, бул паркка кыргыз жазуучусунун эстелигин тургузуу чечими дагы чыгарылды", — деп жазылат маалыматта.

Ушу тапта айкелдин эскиздик долбоорун даярдоо жүрүп жатканы кошумчаланды.

Жаңылыктар түрмөгү
0