Кыргызстандыктар өз каттоосун интернет аркылуу биле алышат

Жазылуу
Паспорт алуу үчүн жарандын каттоосу Мамлекеттик каттоо кызматынын маалымат базасында болушу шарт.

БИШКЕК, 11-май — Sputnik. Кыргызстандыктар өздөрүнүн катталган дарегин электрондук кызмат көрсөтүү порталынан e.srs.kg биле алышат. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынан билдиришти.

Биометрикалык паспортторду даярдоо - Sputnik Кыргызстан
Паспорт алчулардын көптүгүнөн тейлөө кызматы бир саат ашык иштөөдө
Мындай мүмкүнчүлүк 1-майдан тарта жарандарга жаңы паспорт берүү жана документтерди кабыл алуу аракеттеринин башталышы менен пайда болду.

Паспортту алууда жарандын каттоосу Мамлекеттик каттоо кызматынын маалымат базасында милдеттүү түрдө болушу керек. Ушундай болгон учурда гана электрондук анкетаны толтурууда эч кандай документтердин көчүрмөлөрү талап кылынбайт.

Ошондой эле жарандар Мамкаттоонун маалыматтык базасында бар-жогун алдын ала биле алышат.

Каттооңузду кантип текшере аласыз:

  • e.srs.kg парталына киресиз
  • Башкы беттеги "Документтерди текшерүү" бөлүмүнөн "Катталган даректи текшерүү" дегенди тандайсыз
  • "ПИН" деген жерди толтуруп, "Мен робот эмесмин" деген жерди белгилейсиз
  • Каттоо жок болгон учурда Элге кызмат көрсөтүү борборуна (ЦОН) же даректи каттоочу паспорт столуна кайрылуу керек.
Жаңылыктар түрмөгү
0