Караколдун чок ортосунан уурдалган роза гүлдөрү табыла элек

© Sputnik / Виталий Аньков / Медиабанкка өтүүРоза гүлдөрү. Архив
Роза гүлдөрү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
10-майга караган түнү белгисиз бирөөлөр шаардын борбордук гүл багына тигилген төрт миң розанын ичинен 43 розаны жулуп кеткен.

БИШКЕК, 11-май — Sputnik. Ысык-Көлдүн Каракол шаарынын борбордук бөлүгүнөн уурдалган роза гүлдөрү табыла элек. Бул тууралуу шаарды жашылдандыруу ишканасынын директору Улан Ишенбаев Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Белгилей кетсек, 10-майга караган түнү белгисиз бирөөлөр шаардын борбордук гүл багына тигилген төрт миң розанын ичинен терип 43 розаны жулуп кеткен.

Ишенбаев бейбаштарга карата чара көрүү үчүн мэрге рапорт жазганын айтты.

"Чара көрүп бериңиздер деп мэрдин атына рапорт жазгам. Алар дагы тийиштүү органдарга кайрылса керек. Азырынча гүлдөрдү ким жулуп кеткени табыла элек", — деди ал.

Жалпысынан борбордук гүл бакка алты миң даана роза тигүү пландалган. Ишенбаев үзүлгөн гүлдөрдүн ордуна эми башкалары отургузуларын кошумчалады.

Каракол шаарындагы Жеңиш паркына, Тагай бий эстелигинин алдына, айланма жолго роза жана петуния гүлдөрү тигилет.

Жаңылыктар түрмөгү
0