Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Аспиет, булгун, жерик… Көөнө сөздүн маанисин билесизби?

© Sputnik / Табылды КадырбековКырчын жайлоосундагы этно шаарча. Архив
Кырчын жайлоосундагы этно шаарча. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Убакыттын өтүшү менен көөнө сөздөрдүн көбү колдонулбай, көмүскө калып барат. Аларды кайра жандандыруу максатында чечмеленишин сунуштайбыз.

БИШКЕК, 11-май. — Sputnik. Бүгүнкү "Тибиртке" рубрикасында улуу манасчы Сагынбай Орозбаковдун айтуусундагы "Манас" эпосундагы эски сөздөрдүн түшүндүрмөсүнө көңүл бурабыз.

Аралжы болуу – ал үчүн курман болуу, же болбосо керек жерден куткаруу.

Аспиеттөө, аспиет тутуу – абдан кадырлоо, аздектөө, аярлоо.

Баймак – жылкынын туягынын жогору, бакайынын төмөн жагындагы ичке жери

Баймактоо – жылкынын бир колунан байлоо

Бакай – жылкынын туягынан жогорку биринчи муун менен жиликтин ашташкан жериндеги топ кыл

Бакалоо – кишини караан тутуу, байырлоо (Бакылоочулар келип кармап кетти деп калышчу…)

Бакыл – сараң, ач көз деген мааниде

Бейлөө – байкоо жүргүзүү, баам салуу

Береленүү – жасануу, көрктөнүү

Боро – эбегейсиз чоң, зор

Бордоку – эт багытында атайы караңгы жерге камалып багылган мал

Булгун – териси баалуу жаныбар

Булдурсун – түшкүндүн учуна уютулуп, коргошун кошулуп өрүлгөн чоң камчы

Бурадар – боордош, курдаш, замандаш деген маанини туюнтат

Данакер – ортомчу, элчи, эки элди бириктирген, урушканды жараштырган киши

Домпуш – басыгы да, жоргосу да жок кашаң ат

Жерик – боюнда бар аялдын талгагы, токсикоз

Жолумдуу – келбеттүү, келишимдүү

Жукуй – анткор, митаам

Идерлүү – кайраттуу, күжүрмөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0