Чатырда түнөгөн чоң-алайлыктар: түнкү сууктан кайыгып калып жатабыз

© Фото / Зульфия ТургуноваПоследствия землетрясения в Чон-Алайском районе
Последствия землетрясения в Чон-Алайском районе - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда аталган аймактын жашоочуларына 550 даана чатыр таратылган. Алардын бир катарлары боз үйлөрдө жашап жатышат.

БИШКЕК, 10-май. — Sputnik. Мындан бир апта мурда болгон жер титирөөнүн кесепетинен жабырланган чоң-алайлыктар чатыр менен боз үйлөргө жайгаштырылган. Алар азыркы абалы туурасында өздөрү айтып беришти. 

Ош облусунун Чоң-Алай районундагы Жекенди айыл өкмөтүнө караштуу айылдарда жалпысынан 523 үй жашоого кооптуу деп табылган.

3-май күнү аталган аймакта катталган жер титирөөдөн соң Карамык, Кара-Тейит, Шибээ, Жекенди айылдарында жалпы 993 үйдү атайын түзүлгөн алты топ иликтөөгө алган. Жыйынтыгында жер титирөөнүн кесепетинен улам IV жана V категорияга кирген 523 үй аныкталып, жашоого кооптуу деп табылган. 

© Фото / Зульфия ТургуноваЧоң-Алай районундагы Жекенди айыл өкмөтүнүн башчысы Нургазы Акматов: жер титирөөнүн кесепетинен улам IV жана V категорияга кирген 523 үй аныкталып, жашоого кооптуу деп табылган
Глава айыл окмоту Жекенди Нургазы Акматов - Sputnik Кыргызстан
Чоң-Алай районундагы Жекенди айыл өкмөтүнүн башчысы Нургазы Акматов: жер титирөөнүн кесепетинен улам IV жана V категорияга кирген 523 үй аныкталып, жашоого кооптуу деп табылган

Мындан сырткары, Шибээ айылындагы орто мектептин жана Карамык айылында оорукана менен айыл өкмөттүн имараты да авариялык абалга келген. Бул тууралуу Чоң- Алай районундагы Жекенди айыл өкмөтүнүн башчысы Нургазы Акматов аймактык кабарчыга билдирди.

Учурда аталган аймактын жашоочуларына 550 даана чатыр таратылган. Алардын бир катарлары боз үйлөрдө жашап жатышат.

Жапа чектирген жаракалар

Кара Тейит айылынын жашоочусу Суусар Насирдинова үйүнүн дубалы артка чалкалап төрт тарабынан тең жарака кеткендигин айтат. 

© Фото / Зульфия ТургуноваКара Тейит айылынын жашоочусу Суусар Насирдинова: Биринчи күнү жер титирөө өтө катуу болду. Чайнектер шкафтан жерге ыргып түшүптүр. Эми мындан аркы жашообуз кандай болот?
Последствия землетрясения в Чон-Алайском районе - Sputnik Кыргызстан
Кара Тейит айылынын жашоочусу Суусар Насирдинова: Биринчи күнү жер титирөө өтө катуу болду. Чайнектер шкафтан жерге ыргып түшүптүр. Эми мындан аркы жашообуз кандай болот?

"Жер титирөө 3-майда башталган. Дагы деле токтобой жатат. 1978-жылы да катуу жер титирөө болгон эле. Бирок, бул жолу андан да катуу титиреди. Биринчи күнү жер титирөө өтө катуу болду. Чайнектер шкафтан жерге ыргып түшүптүр. Эми мындан аркы жашообуз кандай болот? Билбейбиз. Мындай катуу кырсыкты күткөн жок элек. Там салууга каражатыбыз жок", — дейт ал.

Ал турак жай курууга каражаты жок экендигин, үйүн болсо камсыздандыра электигин билдирди. 

© Фото / Зульфия ТургуноваКара-Тейит айылынын жашоочусу Сайрагүл Асанбаева: сырттан дүркүрөгөн дабыш угулду. Телевизордун астындагы тумбочка үстүмө кулап түштү. Андан аркысы эсимде жок. Өзүмө келсем, сыртка бакка алып чыгып бетиме суу чачып жатышыптыр
Последствия землетрясения в Чон-Алайском районе - Sputnik Кыргызстан
Кара-Тейит айылынын жашоочусу Сайрагүл Асанбаева: сырттан дүркүрөгөн дабыш угулду. Телевизордун астындагы тумбочка үстүмө кулап түштү. Андан аркысы эсимде жок. Өзүмө келсем, сыртка бакка алып чыгып бетиме суу чачып жатышыптыр

"Саат 10:47 болчу. Мен сырттан үйгө кирдим эле. Кайненемдин тырмагын алып берейин деп жаткам. Сырттан дүркүрөгөн дабыш угулду. Телевизордун астындагы тумбочка үстүмө кулап түштү. Андан аркысы эсимде жок. Өзүмө келсем, сыртка бакка алып чыгып бетиме суу чачып жатышыптыр. Буга чейин да 1999-жылы биздин айылга бомба түшкөндө нерв системаларым жабыркаган. Бул жолу да катуу чочуп, ооруп калдым", — дейт Кара-Тейит айылынын жашоочусу Сайрагүл Асанбаева.

Ушул эле аймактын жашоочусу Зуур Амирбеков жер титирөөнүн кесепетинен алты бөлмөлүү үйүнөн ажыраган.

© Фото / Зульфия ТургуноваЖер титирөөдөн үй-жайы урап же кооптуулукка кабылган чоң-алайлыктар учурда чатырларда, боз үйлөрдө күн кечирүүдө
Жер титирөөдөн үй-жайы урап же кооптуулукка кабылган чоң-алайлыктар учурда чатырларда, боз үйлөрдө күн кечирүүдө - Sputnik Кыргызстан
1/9
Жер титирөөдөн үй-жайы урап же кооптуулукка кабылган чоң-алайлыктар учурда чатырларда, боз үйлөрдө күн кечирүүдө
© Фото / Зульфия ТургуноваЖер титирөөнүн кесепетинен улам, IV жана V категорияга кирген 523 үй аныкталып, жашоого кооптуу деп табылган
Жер титирөөнүн кесепетинен улам, IV жана V категорияга кирген 523 үй аныкталып, жашоого кооптуу деп табылган - Sputnik Кыргызстан
2/9
Жер титирөөнүн кесепетинен улам, IV жана V категорияга кирген 523 үй аныкталып, жашоого кооптуу деп табылган
© Фото / Зульфия ТургуноваАталган айылдын жашоочулары 3-майдан бери жер титирөө токтой электигин баса белгилешти
Аталган айылдын жашоочулары 3-майдан бери жер титирөө токтой электигин баса белгилешти - Sputnik Кыргызстан
3/9
Аталган айылдын жашоочулары 3-майдан бери жер титирөө токтой электигин баса белгилешти
© Фото / Зульфия ТургуноваСыртка көчүрүлгөндөрдүн арасында бир чатырда эки үй-бүлөдөн күн кечирип жаткандар бар
Сыртка көчүрүлгөндөрдүн арасында бир чатырда эки үй-бүлөдөн күн кечирип жаткандар бар - Sputnik Кыргызстан
4/9
Сыртка көчүрүлгөндөрдүн арасында бир чатырда эки үй-бүлөдөн күн кечирип жаткандар бар
© Фото / Зульфия ТургуноваЖашоочулар чатырлар түнкүсүн бир топ эле суук болуп жаткандыгын айтып беришти
Жашоочулар чатырлар түнкүсүн бир топ эле суук болуп жаткандыгын айтып беришти - Sputnik Кыргызстан
5/9
Жашоочулар чатырлар түнкүсүн бир топ эле суук болуп жаткандыгын айтып беришти
© Фото / Зульфия ТургуноваКайталанган жер титирөө үйлөргө улам залал келтирүүдө
Кайталанган жер титирөө үйлөргө улам залал келтирүүдө - Sputnik Кыргызстан
6/9
Кайталанган жер титирөө үйлөргө улам залал келтирүүдө
© Фото / Зульфия ТургуноваДарыгерлер балдардын сууктан улам сасык тумоого кабылган учурлары бар экенин айтышты
Дарыгерлер балдардын сууктан улам сасык тумоого кабылган учурлары бар экенин айтышты - Sputnik Кыргызстан
7/9
Дарыгерлер балдардын сууктан улам сасык тумоого кабылган учурлары бар экенин айтышты
© Фото / Зульфия ТургуноваКырсыктан кийин жашоочулар арасында кан басымы көтөрүлүп кайрылгандардын саны кескин түрдө көбөйгөн
Кырсыктан кийин жашоочулар арасында кан басымы көтөрүлүп кайрылгандардын саны кескин түрдө көбөйгөн - Sputnik Кыргызстан
8/9
Кырсыктан кийин жашоочулар арасында кан басымы көтөрүлүп кайрылгандардын саны кескин түрдө көбөйгөн
© Фото / Зульфия ТургуноваЖер титирөөнүн зыяны арбын болду
Жер титирөөнүн зыяны арбын болду - Sputnik Кыргызстан
9/9
Жер титирөөнүн зыяны арбын болду
1/9
Жер титирөөдөн үй-жайы урап же кооптуулукка кабылган чоң-алайлыктар учурда чатырларда, боз үйлөрдө күн кечирүүдө
2/9
Жер титирөөнүн кесепетинен улам, IV жана V категорияга кирген 523 үй аныкталып, жашоого кооптуу деп табылган
3/9
Аталган айылдын жашоочулары 3-майдан бери жер титирөө токтой электигин баса белгилешти
4/9
Сыртка көчүрүлгөндөрдүн арасында бир чатырда эки үй-бүлөдөн күн кечирип жаткандар бар
5/9
Жашоочулар чатырлар түнкүсүн бир топ эле суук болуп жаткандыгын айтып беришти
6/9
Кайталанган жер титирөө үйлөргө улам залал келтирүүдө
7/9
Дарыгерлер балдардын сууктан улам сасык тумоого кабылган учурлары бар экенин айтышты
8/9
Кырсыктан кийин жашоочулар арасында кан басымы көтөрүлүп кайрылгандардын саны кескин түрдө көбөйгөн
9/9
Жер титирөөнүн зыяны арбын болду

"Айылдагы эң чоң үйлөрдүн бири эле. Кырсыктын айынан ушундай оор абалда калдык. Учурда чатырда жашаганга аргасызбыз", — дейт ал.

Аталган айылдын жашоочулары 3-майдан бери жер титирөө токтой электигин баса белгилешти. Аба ырайы катаал аймак болгондуктан жашоочулар чатырларда түнөп, түнкүсүн суук болгондуктан үшүп жаткандыктарын айтышат.

Дарыгер: кырсыктан кийин ооруп калгандар кескин көбөйдү

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков посетил села Чон-Алайского района - Sputnik Кыргызстан
Радио
Жээнбеков: өкмөт жер титирөөдөн жабыркагандарга бир күндүк маянасын которду
Жер титирөө катталган аймакта атайын дарыгерлер тобу жашоочулардын ден соолугун көзөмөлгө алып медициналык жардам көрсөтүүдө. Дарыгер Абдымалик Мамасейит уулунун айтымында, жашоочулар арасында кырсыктан соң кан басымы көтөрүлүп кайрылгандардын саны кескин түрдө көбөйгөн.

"Ош шаарынан психологдор келишкен. Алардан сырткары невропатолог, кардиолог адистери да тартылган. 3-май жер титирөө катталган күнү 350 жаран кайрылды. Андан кийин күн сайын 300-400гө чейин жарандар кайрылып жатат. Аларга алгачкы медициналык жардам көрсөтүп жатабыз. Дары дармектер жетиштүү. Кайрылгандардын арасында жер титирөөдөн чочуп уктабай, ооруп калган жаш балдар да бар", — дейт Абдымалик Мамасейит уулу.

© Фото / Зульфия ТургуноваЖардам көрсөтүү
Последствия землетрясения в Чон-Алайском районе - Sputnik Кыргызстан
Жардам көрсөтүү
Кырсык катталган аймактын жашоочулары менен Жогорку Кенештин депутаты Жыргалбек Калмаматов ишкер Жаманкул Галдыбаев жолугуп, аларга жардам иретинде азык-түлүк таратышты. Калмаматов жергиликтүү жашоочулар менен жолугуп, аталган аймактык элине жеңилдетилген насыя берүү тууралуу маселени Жогорку Кенештин жыйынында көтөрө тургандыгын билдирди.

Жаңылыктар түрмөгү
0