Эмне деген наадандык! Маршрутка кызыл белгиге токтобой өтүп кетти

Жазылуу
Бишкекте маршруттук такси жөө адамдарга жол бербей өтүп кеткени видеого түшүп калган.

БИШКЕК, 10-май. — Sputnik. Бишкекте эл ташыган №233 маршрутканын айдоочусу жол чырактын кызыл күйгөнүнө карабай жөө адамдардан жол талашып өтүп кеткен. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине күбө маалымдады.

Видеодо жол чырак сары түстөн кызылга алмашканын жана балдар менен аялдар жолдон өтүүгө камынып жатканын байкоого болот.

Столкновение микроавтобуса с легковой машиной на улице Байтик баатыра в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жыл башынан бери машруткалардын кырсыкташынан 66 киши жабыркаган
Маршруттук такси видеонун автору жол чийиндин алдында токтоп турган кезде жол чырак менен элди көзгө илбестен өтүп кеткен.

Кайгуул милиция башкармалыгы айдоочуга карата тиешелүү чара көрүлөрүн маалымдады.

Эгер сиз кандайдыр бир окуянын күбөсү болсоңуз, аны сүрөткө же камерага тартып алсаңыз, медиафайлдарды биздин WhatsApp каналыбызга +996 706 566 544 номери боюнча жөнөтсөңүз болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0