Кырсыктаган балдар: бири өз алдынча тамак жеп калды, экинчиси ооруканадан чыгат

Жазылуу
Окуучулардын биринин балтырына бүгүн операция жасалат.

БИШКЕК, 10-май. — Sputnik. Мындан бир нече күн мурда унаа койдуруп кеткен үчүнчү класстын окуучуларынын бири бүгүн ооруканадан чыгарылат. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине шаардык Балдар клиникалык ооруканасынын башкы дарыгеринин орун басары Данияр Шайбеков билдирди.

Эки окуучуну 21-апрелде Бишкектеги Ремесленная жана Бакаев көчөлөрүнүн кесилишинен унаа коюп кеткен. Mercedes Benz үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу окуя болгон жерден из жашырган. Ал эми жабыркагандар оор абалда ооруканага жеткирилген. Шектүү окуя болгондон жети саат өткөндөн кийин кармалган.

"Окуучулардын биринин абалы жакшы. Ал бүгүн ооруканадан чыгарылат. Экинчи окуучунун балтырына бүгүн операция жасалат. Ал өз алдынча тамак жеп, абалы жакшырып калды", — деди дарыгер.

Ал ошондой эле экинчи окуучу нейротравма бөлүмүндө стационардык дарылоодон өткөрүлөрүн кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0