Улуу Жеңиш майрамына чакыруу албай томсоргон Күкү эне

© Фото / Гульзат АсанбековаУлуу Ата Мекендик согуш мааалында тылда эмгектенген Күкү Асанбекова
Улуу Ата Мекендик согуш мааалында тылда эмгектенген Күкү Асанбекова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Күкү Асанбекованын 27 небереси, 40 чөбөрөсү жана бир кыбырасы бар. Баатыр эне учурда 5600 сом пенсия алат. Ал маселе акчада эмес көңүлдө экенин айтып муңайды.

БИШКЕК, 9-май. — Sputnik. Улуу Ата Мекендик согуш мааалында тылда эмгектенген Күкү Асанбекова жергиликтүү бийликке нааразы. 90 жаштагы байбиче көп жылдан бери мамлекет тарабынан тиешелүү жардамдарды ала албай, жеңиш майрамындагы иш-чараларга катыша албай келет.

© Фото / Гульзат АсанбековаКүкү Асанбекованын 27 небереси, 40 чөбөрөсү жана бир кыбырасы бар
Ветеран труда, 90-летняя Куку Асанбекова - Sputnik Кыргызстан
Күкү Асанбекованын 27 небереси, 40 чөбөрөсү жана бир кыбырасы бар

Өз учурунда Сары-Өзөн өрөөнүндө мал багып, талаада буудай оргон апа кыйын учурду  эскерди.

"Согуш маалында кыйынчылыктар көп болгон. Анда эмне жумушка айдаса кете берчүбүз. Козу байлап, уй саап, буудай оруп, машак терчүбүз. 1943-жылы 16 жашымда Чоң Чүй каналын казуу иштерине катыштым", — деди Асанбекова.

Чоң эне жана селфи. Өлбөс полк акциясы учурундагы мыкты көз ирмемдер - Sputnik Кыргызстан
Чоң эне жана селфи. "Өлбөс полк" акциясы учурундагы мыкты көз ирмемдер
Тогуз баланы төрөп тарбиялаган эне учурда Токмок шаарында кенже уулунун колунда турат. Аны багып жаткан келини Гүлзат Асанбекова үч жылдан бери өкмөткө чейин кат жазып, тиешелүү жооп ала албай келгенин айтып берди.

"Биз премьер-министрге чейин кат жазсак, бирок алар айыл өкмөткө кайрылгыла деп коюшкан. Айыл өкмөткө кайрылсак, апаңыз тизмеде жок экен деп кетирип ийишкен. Үч жылдан бери ар кайсы жерге кат жазып жооп ала албай жатабыз. Баары эле тизмеде жок деп кутулуп кетишүүдө. Апам болсо биз деле тылда иштеп, канал каздык эле эмнеге көңүл бурушпайт деп таарынып калат", — деп эненин келини билдирди.

1927-жылы туулган Күкү Асанбекова Ысык-Ата районунун Карагай-Булак айылында каттоодо турат. Анын 27 небереси, 40 чөбөрөсү жана бир кыбырасы бар. Баатыр эне учурда 5600 сом пенсия алат. Ал маселе акчада эмес экендигин айтып, жок дегенде ден соолукту сурап келген жан жок деп кейиди.

"Каниет кылып ал кезде көп нерсеге чыдадык. Эң негизгиси элде тынчтык болсун деп иштегенбиз. Азыр болсо, жада калса ден соолукту сурап, Жеңиш майрамын арналган салтанатка чакырып койгон жан жок", — деди Күкү Асанбекова.

Суудай агылган урпактар. Бишкектеги Өлбөс полк акциясынын асмандан көрүнүшү - Sputnik Кыргызстан
Суудай агылган урпактар. Бишкектеги "Өлбөс полк" акциясынын асмандан көрүнүшү
Ысык-Ата айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Жылдыз Тентимишова биз байланышканыбызда Асанбековалардын үй-бүлөсү буга чейин аталган маселе боюнча кайрылган эместигин белгилейт. Ошондой эле ал тиешелүү документтери жок адамды тылда эмгектенгендердин тизмесине киргизе албастыгын айтат.

"Азыркы мезгилге чейин алар бизге эч бир кат менен кайрылган эмес. Тиешелүү документтер менен келсе, албетте апаны тизмеге кошобуз. Бирок жок болуп жатпайбы. Мындай болгондон кийин аны биз жөн эле тизмеге киргизе албайбыз", — деди Тентимишова.

Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалыматына ылайык, учурда өлкө аймагы боюнча 3204 тылда эмгектенген жана 640 согуш ардагери бар.

Жаңылыктар түрмөгү
0