Мына сага романтика! Сүйгөнүнө гүл тапшырган жигитке Кайгуул милициясы жардам берди

© Sputnik / Михаил Воскресенский / Медиабанкка өтүүСотрудники ГИБДД поздравляют женщин в преддверии праздника
Сотрудники ГИБДД поздравляют женщин в преддверии праздника - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ал жигит жактырып калган кызга өзү жөнүндө билдирбей, үч айдан бери белек-бечкек берип жиберип, көңүлүн алып жүрүптүр.

БИШКЕК, 9-май. — Sputnik. Борбор калаада Кайгуул милициясы  сүйүктүүсүнө белек кылууга жигитке жардам берген. Бул тууралуу  Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына өзү билдирди.

Атын атагысы келбеген жигит үч айдан бери жактырып калган кызга өзү жөнүндө билдирбей, белек-бечкек берип жиберип, көңүлүн алып жүрүптүр. 

"Биринчи жолкусунда шарлардан коридор курагам. Анын аягында Беманы (ред. — кыздын аты) өзүм тарткан сүрөт күтүп турган. Экинчисинде анын үйүнүн жанына таң атпай барып муздаткычтын коробкасына салынган абдан чоң оюнчук мамалакты таштап кеткем", — деди ал.

Бул жолкусунда сүйүктүүсүнүн унаасынын багажнигине гүл катып коюну чечиптир. Болгондо да кыз аны Кайгуул милициясы токтотуп, унаасын текшергенде гана көрмөк экен.

Девушка прокатилась на капоте автомобиля в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Күбө: Бишкекте чак түштө кыз BMW унаасынын капотуна отуруп алып шаар аралады
"Мен Түштүк дарбазасы жакта иштеп жаткан Кайгуул милициясынын өкүлдөрүнө барып, шартымды түшүндүрүп бердим. Дароо эле ал кызды сүйүп калдыңбы деп сурашып, жардам берүүгө макул болушту. Кайгуулчу байкелер аны токтотуп, унаанын багажын ачуусун өтүнгөндө, алгач көкбеттенди. Бирок акыры ачты. Ошондогу кубанганын видеодон көрүп, бактылуу болдум", — деди жигит.

Сырдуу жигит ушуну менен эле токтоп калгысы келбейт. Кыздын алдында ачыкка чыгаардан мурда, дагы бир нече ирет сюрприз кылууну пландап жатат.

Эгер кандайдыр бир окуяларга күбө болуп калсаңыз, анын сүрөттөрүн жана видеосун +996 706 566 544 WhatsApp номерине жөнөтсөңүз болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0