Жээктеги пансионаттар Көлдүн түбүндөгү таштандыларды алып чыгууга милдеттендирилди

© Sputnik / Виталий Аньков / Медиабанкка өтүүВсемирная акция "День очистки водоемов" во Владивостоке
Всемирная акция День очистки водоемов во Владивостоке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Көлдүн түбүн тазалоону Экологиялык жана Техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясы чарбалык жайлардын 2017-жылдагы планына кошо бекитти.

БИШКЕК, 9-май. — Sputnik. Жээктеги пансионаттар эми Ысык-Көлдүн түбүндөгү таштандыларды милдеттүү түрдө алып чыгат.

Пляжный сезон на Иссык-Куле - Sputnik Кыргызстан
Атамбаев туристтик сезонго даярданууну тапшырды
Мындай милдетти Экологиялык жана Техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясы чарбалык жайлардын 2017-жылдагы планына кошо бекитти. Анда конок үйлөр көлдүн жака-белин ар кыл акыр-чикирлерден тазалаш керектиги жазылган.

Андан сырткары, документте пансионаттар ыплас сууларды тазалоочу курулуштар жана канализациялык тармак менен сөзсүз түрдө камсыздашы керек.

Алар өздөрүнүн насостук станциясын жана канализациялык системасын да ылай суулардан тазалашы керек. Аймагына таштанды челектерди орнотуу туурасында да өзүнчө пункт менен белгиленген.

Эс алуучуларды кабыл алгандар көлдүн жээгиндеги тартипти сактап, таштандылардан улам арылтып турушу зарыл.

Жаңылыктар түрмөгү
0