21:42 20 Бирдин айы 2018
Түз эфир
Эрдик-Подвиг коомдук фондунун негиздөөчүсү Каныбек Мырзаканов

Мырзаканов: согуштан кайтпаган уулун жол карап 50 жыл күткөн эне арманда өтүп кетти

© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Коом
Кыскача шилтеме алуу
Бегимай Бакашева
Улуу Жеңишке 72 жыл (28)
71330

Согушта жоголгон жалгыз баласынын өлүү же тирүүсүн билбей, 91 жашка чыккыча уулун зарыгып күткөн эненин окуясын угуп жүрөгүм канады. Байкуш эне сандыктын түбүнө алакандай сары майын сактап, күн сайын кырга чыгып алып жолду карап отурчу экен. Көрсө уулу согуш бүтө электе эле Венгрияда окко учуп, сөөгү ошол жерде калыптыр.

Улуу Ата Мекендик согуштан кийин ушул сыяктуу канчалаган энелердин, аталардын, жесирлердин жана жетимдердин өмүрү күтүү менен өтүп кетти?

Бүгүн ошол арманда кеткен мекендештердин сөөгүн агартып, согушта дареги дайынсыз болгон аталарыбыздын курман болгон жерин, көрүстөнүн табуу менен "Эрдик-Подвиг" коомдук фонду алектенип жатат.

Чындыгында коомдук фонд деген аты эле болбосо, бул ишти бир эле үй-бүлө кылат. Көзүнөн биринчи топтогу майып Каныбек Мырзакановдун жубайы жана уул-келини жети жылдан бери дайынсыз кеткен 1354 жоокерди тааптыр.

Каныбек мырза Sputnik Кыргызстан агенттигинин редакциясына баш багып, издөө иштеринин түйшүгү тууралуу маек куруп берди.

— Бул ишти кандайча баштап калдыңыз?

— Өзүм 1970-жылдардан бери таятам Жандар Чыналиевди издеп келгем. Жолдошу согушка аттанганда таенем бир кыз, бир уулу менен калыптыр. Согуш бүтсө да күйөөсү кайтып келбегендиктен, таенем бир нече жыл бою аскер комиссариатына барып дайынын сурап жүргөн. Бирок алар акыркы жолу 1954-жылы катуу айтып кетиришкен окшойт, кийин ал жакка барбаптыр. Мен 1973-жылы Кыргыз ССРинин футбол боюнча курама командасы менен Украинага мелдешке баргам. Согушка арналган эстеликтерди, музейлерди кыдырып жүрүп, алардын согушка катышкандарга болгон мамилеси өзгөчө экенин байкадым. Ошондо таенеме таятамды табам деп сөз бергем. Агезде интернет жок, гезиттер аркылуу эле издеп жүрдүм, бирок жооп болгон эмес. 2009-жылы Россиянын экинчи дүйнөлүк согушта курман болгондор тууралуу маалыматтарды камтыган "ОБД Мемориал" сайты тууралуу угуп, таятабызды жарым жылдай ошол жактан издедик. Көрсө, Жандар Чыналиев дегендин ордуна архивге Забар Чаналиев деп жазылып калыптыр. Туулган жери дагы Таш-Көмүр эмес, Таш-Умирская деп калган экен. Ошондуктан, аны биздин аскер комиссариаты дагы таба алышпаса керек. Бизге аялы деп таенемдин аты туура жазылганы илинчээк болду. Ошол аркылуу тактап отуруп, биздин таятабыз экенин аныктадык. Көрсө ал Россиянын Демидов шаарында 1943-жылы 3-ноябрда жарадар болуп госпиталга түшүп, эртеси күнү курман болуптур. Көрүстөнүнө биринчи апам, кийин биртуугандарыбыз барып келдик. Ошондон кийин башкалардын дагы аталарын таап берели деп чечтик. Анткени мен жакын адамы дайынсыз жоголгон таенем менен апамдын көз жашын көргөм. 

Основатель фонда общественного фонда Эрдик-Подвиг Каныбек Мырзаканов во время встречи с ветераном ВОВ
© Фото / предоставлено Каныбеком Мырзакановым
Согуш ардагерлери менен жолугушуу

— Аты-жөнү туура эмес жазылып калыптыр деп атасыз. Мындай учурлар көп эле болсо керек?

— Ооба, Азия мамлекеттеринен кеткендердин көпчүлүгү ушунун айынан дайынсыз болуп саналып калышы мүмкүн. Анткени, азиаттардын аттары орустарга татаал угулгандыктан, кандай укса ошондой эле жазып коюшкан. Анүстүнө кан төгүлгөн согушта, ким териштирип отурмак эле. Бизге кайрылгандардын көпчүлүгүнүн аты же жери ката жазылып калган болот. Фамилиялары окшоштор дагы толтура. Болжолдуу ушулардын бири болушу мүмкүн деп бир нече адамды алып, салыштырып отуруп, эң жакындаганын туугандарына беребиз. Алар өз ара сүйлөшүп, таразалап, тактап туруп анан биздики деп жооп беришет.

—Сиздер ошондо "ОБД Мемориал" сайты аркылуу издейт турбайсыздарбы?

— Ооба, бул сайттан интернети бар ар бир адам издей берсе болот. "Булар даяр нерсени карап коюп эле, таптык дей берет", — деп бизге нааразы болгондор бар. Биз "ОБД Мемориал" сайтынан издээрибизди эч качан жашырган эмеспиз. Болгону интернетке чыга албаган же издөө мүмкүнчүлүгү жок адамдарга жардам берели деген максат. Биз кызматыбыз үчүн бир дагы сом албайбыз. Кээде жакыны табылып калган адамдар сүйүнгөнүнөн эмне кылалы деп сурап калышат. Силер сыяктуу адамдар менен байланышып турганга телефонубузга бираз бирдик салып койгула дейбиз. Анткени, менин болгон кирешем алты миң сомдук пенсиям.

  • Таятам Жандар Чыналиевдин көрүстөнүн Россиянын Демидов шаарынан таап, үй-бүлөбүз менен куран окутуп келдик
    Таятам Жандар Чыналиевдин көрүстөнүн Россиянын Демидов шаарынан таап, үй-бүлөбүз менен куран окутуп келдик
    © Фото / Гүлнура Мырзаканова
  • Улуу Ата Мекендик согушта дареги дайынсыз болгон жоокерлердин балдары, неберелери менен жолугушуу учурунда
    Улуу Ата Мекендик согушта дареги дайынсыз болгон жоокерлердин балдары, неберелери менен жолугушуу учурунда
    © Фото / Гүлнура Мырзаканова
1 / 2
© Фото / Гүлнура Мырзаканова
Таятам Жандар Чыналиевдин көрүстөнүн Россиянын Демидов шаарынан таап, үй-бүлөбүз менен куран окутуп келдик

— Байкашыма караганда, маалыматты жубайыңыз издейт экен. Жардам бергендер барбы?

— Кагаз иштерине келин-уулубуз кол кабыш кылат.

— Жакындарын издегиси келгендер силерге кантип кайрылып, кандай маалыматтарды бериши керек?

— Бизге уюлдук телефон аркылуу чалып, бир нече сурообузга жооп бериши зарыл. Биз изделип жаткан адамдын аты-жөнүн, туулган жерин, согушка узаган аскер коммисариатын жана ким узаткандыгын сурайбыз.

— Силер тапкан жоокерлердин сөөктөрү көбүнчө кайсы мамлекеттерден табылып жатат?

Согуш ардагери Кадыркул Шадыбеков Исхак Раззаков менен. Архив
© Фото / из семейного архива Кадыркула Шадыбекова
— Көпчүлүгү мурдагы СССРдин аймагында, согуш болгон жерлерде. Батыш жана Чыгыш Европада дагы бар. Бирок ал жактагы архивдерге чыгууга мүмкүнчүлүк жок. Бул боюнча Генералдык штабга расмий орган катары кол кабыш кылгыла деп кайрылганбыз. Бирок сурообуз жоопсуз бойдон калып келет. Биз негизи эле издөө иштери мамлекеттик деңгээлде колго алынышын каалайт элек. Мисалы, башка мамлекеттер сыяктуу өзүбүздүн "Мемориал" сайтыбыз болсо жакшы болмок. Маалыматты жалпы "Мемориал" сайтынан көчүрүп алмакпыз. Бирок ушул күнгө чейин көңүл бурган эч ким жок. Азыр биз издеп тапкан адамдардын жакындары атасынын сөөгү жаткан мамлекетке барып, куран окутуп келүүсүнө өкмөт шарт түзүп берсин деп чуркап жүрөбүз. Муну мыйзам жүзүндө ишке ашыралы деп Жогорку Кеңештин алтынчы чакырылышынын депутаты Аида Салянова мыйзам долбоорун жазды. Ал кабыл алынып калса, өкмөт милдеттүү түрдө каржылап, жоокердин небере-чөбөрөсүн ошол мамлекетке алып барып келет. Мунун негизги максаты — биринчиден, ата-бабанын арбагын ыраазы кылуу. Экинчиден, чоң атасы, бабасы эрдик кылган, каны төгүлгөн жерди урпактары басып, патриоттук духу көтөрүлсүн дегенибиз. Анткени, бул биздин тарых. Улуу Ата Мекендик согушту жеңүүгө кыргызстандык жоокерлердин кошкон салымы чоң. Бул мамлекет катары бизге чоң аброй алып келет. Аны жаңы муун билиши керек.

—Табылган жоокерлердин сөөгү көмүлгөн жерге туугандарын алып барып келүүнү өкмөттүн мойнуна жүктөөнүн канчалык зарылдыгы бар?

— Биз көп адамдарды таптык. Бирок алардын көпчүлүгүнүн Россиянын же Европанын шаарларына барып келүүгө мүмкүнчүлүгү жок. Эки жылдан бери 75 жаштагы апа Венгриядагы атасынын көрүстөнүнө куран окута албай жүрөт. Атасы Шершен Чакиев бир үй-бүлөнүн жалгыз баласы болгон экен. Кара кагаз келбегендиктен, апасы 91 жашка чыккыча бир да күн калтырбай, үйдүн жанындагы кырга чыгып баласын күтчү экен. Ундун арасына бир кесим эт, сандыгынын түбүнө сары майын ар дайым сактап жүрүптүр. Көрсө, баласы 1944-жылы Венгрияда окко учуптур. Апасы 50 жыл күтүп жүрүп өтүп кеткен жоокердин көрүстөнүнө эми 75ке чыккан кызы гүл кое албай зар болуп жатат. Бул мыйзам ушул сыяктуу адамдардын дартына даба болгону турат. 

Основатель общественного фонда Эрдик-Подвиг Каныбек Мырзаканов на фотосессии
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
"Эрдик-Подвиг" коомдук фондунун негиздөөчүсү Каныбек Мырзаканов: биз "ОБД Мемориал" сайтынан издээрибизди эч качан жашырган эмеспиз. Болгону интернетке чыга албаган же издөө мүмкүнчүлүгү жок адамдарга жардам берели деген максат. Биз кызматыбыз үчүн бир дагы сом албайбыз

—Түшүнүктүү. Мүмкүнчүлүгү барлар өз алдынча эле барып келип жатса керек?

— Биртууганынын көрүстөнүнө барып келген токтогулдук Акматаалы Тургумбаевдин окуясын айтып берейин. Согуштан Дүйшөналы деген агасы кайтпай калыптыр, бирок согуш учуранда кат жазып турган. Акматаалы ата 1960-жылдары Моксвада окуган. Ошол жылдары эле Подольск шаарындагы архивдердин музейине барып агасын издеген. Бирок тапкан эмес. Кийин дагы бир жолу Москвага кат жазганда, "агаңыз баатырларча курман болгон", — деп коюшкан. Ал ошого сүйүнүп калат да бирок, кийин баатырларча өлсө, кайсы жерде коюлган деп кайрадан суроо бере баштайт. Ошондо баягы архивден кайра, "агаңыз дайынсыз жоголгон", — деп кат жолдошот. Айласы кеткен Акматаалы ата азыркы Санкт-Перетрбург шаарындагы медициналык архивге барат. Анткени, агасы бир катында азыр госпиталдамын деп жазган экен. Ал жактан госпиталда дарылангандыгы боюнча тастыкташат дагы, чыгып кеткенден кийин кайра байланыш үзүлүп калат. Ошентип аны биз издеп, эки күндүн ичинде таптык. Көрсө аты Тургунбаев Даймала деп жазылып калыптыр. Кеткен жери иниси ойлогондой Токтогул эмес, Таш-Көмүр экен. Бул жерде илинчээк жоокердин атасынын аты туура жазылганы болду. Акматаалы ата Санкт-Петербург шаарына барып, өмүр бою издеген агасынын көрүстөнүнө сүрөтүн чаптатып келди. Көксөөсү сууду. 

Памятник павшим воинов ВОВ в городе Демидов. Россия
© Фото / Гүлнура Мырзаканова
Демидов шаарындагы согушта курман болгон жоокерлерге тургузулган эстелик

—Издеген адамды таптакыр таппай калган учурлар болобу?

— Таппай калсак, биз туугандарына "таппадык, бүттү издебейбиз" деп айтпайбыз. Анткени, ал адам эртели-кеч башка жерден табылып калышы мүмкүн. Издегендердин үмүтүн эч качан үзбөйбүз.

Мурда биз айрымдарды тапсак дагы, туугандарына айтпай койгон учурлар болгон. Эмнеге дебейсизби? Согушта ар кандай окуялар болгон да, мисалы, айрымдар атууга кеткен, туткунга түшүп калган, соттолуп кеткен дегендей. Ошолорду жакындарына угузуу биз үчүн өтө татаал. Башында жубайым экөөбүз отуруп алып кадимкидей ыйлачубуз. Кийин ушул тууралуу кайсы бир радиого берген интервьюмда айтканымды уккандар, "атабыздын тагдыры кандай болсо дагы айткыла, бизге баардык маалыматтар маанилүү", — деп суранып калышты.

Ал убакта ким эмне болсо дагы, биз азыр аларды соттогонго акыбыз жок. Согуш адамды өзгөртөт. Азыр ошол кезде согушка кеткен ар бир кыргызстандык биз үчүн баатыр. Туугандарына дагы "башыңарды жерге салбагыла", — деп айтабыз. Эң негизгиси биз жеңишке жеттик. Демек согушка катышкан ар бир адамдын аты аталып, урпактары алар тууралуу билиши керек!

Тема:
Улуу Жеңишке 72 жыл (28)

Тема боюнча

Үч бурчтук каттар. Согушка кеткендердин катын урпактары архивдин сайтынан окуй алат
Активисттер Улуу Ата Мекендик согушта каза болгон 13 баатырдын туугандарын тапты
Белгилер:
дайынсыздар, издөө, согуш, Каныбек Мырзаканов
Колдонуу эрежелериПикирлер

ЭҢ МААНИЛҮҮ