Сөз жетпей калды, ырдап-чордомок болчумун! Тамаданын кыжырына тийген 7 учур

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүПразднование золотой свадьбы в семье алтайских казахов Дюсенби и Марии Кобдобаевых
Празднование золотой свадьбы в семье алтайских казахов Дюсенби и Марии Кобдобаевых - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тойдун көркүн ачкан тамада деп бекеринен айтылбаса керек. Алар той маалында микрофон иштебей калганы менен коноктордун кечигүүсү бери жактагы эле көйгөй деп эсептешет.

Материалды даярдашууга үн кошкон бир канча тамада аттарын ачыкка чыгарбоону туура көрүштү.

Мас адамдар

Ичип алып ар кайсыны сүйлөсө мейли, эми сүйлөйүн деп жатсаң микрофонду жулуп кетишсе эмне кылаарыңды билбей каласың. Анысы аз келгенсип "кел эй, сүрөткө түшүп коелу" деп ары-бери сүйрөгөндөр кыжырга тиет.

Тойдо бир эле тамада болуш керек да, туурабы?

Тойдун өзү бака-шака болуп турганы жакшы деңизчи. Бирок программаны алып барып жатсаң, өзүнчө тост айтышып, ызы-чуу болуп жатышса ар бир столдо бирден тамада барбы деп ойлойт экенсиң.

Шаштыны кетирген ырчылар

Тойдун жүрүшү регламентте шурудай тизилип турса ырчылар келе калып "бол, мени эрте ырдатып кетире салчы" деп шаштыргандар кыжырга тиет. Бирок ачык айтайын, мындай кыял өзүн өтө жылдыз сезген ырчыларда гана кездешет.

Таарынгандар

Тойдо негизи майда-чүйдөгө таарынгандар көп болот. "Ырдабай калдым", "бийлебей калдым", "сөз жетпей калды" дей беришет. Анан той ээси менин тоюм болуп жатат дегенсип "эптеп тигини бир жакка батырчы" дей баштайт.

Учугу узун каалоо-тилектер

Сахнага чыгып алып киши уктап калгыча каалоо-тилек айткандар жакпайт. Анын үстүндө бардыгы окшош сөздөрдү сүйлөшөт, "аркаңды бала, астыңды мал бассын" деген сөздү баары айтып чыгат. Акырында жаштар чыгып каалоо-тилек айтат эмеспи. Ошолорго айтаарым оозуңарда сөз болсунчу, сүйлөйт десе эле алды-артын карабай бир башкача сөздөрдү балп эттирип коюшат.

Кыз тарап кызаңдаганда

"Биз кыз берип жатабыз, регламенти жок сүйлөшүбүз керек" дегендер бар. Кыз береби, эркек үйлөйбү, ар биринин тилеги бир да, эң башкысы эки жаш бактылуу болсун. Ошого кошулуп коюшпайбы же алар башкача, англисче сүйлөйбү билбейм.

Шакылдаган администраторлор

"Тойду качан жыйынтыктайсың" деп жанды койбогон ресторандын администратору жакпайт. Алар тойдун эрте же кеч бүтүшү тойдун ээсинен дагы көз каранды экендигин унутуп коюшат.

Жаңылыктар түрмөгү
0