22:22 24 Кулжа 2018
Түз эфир
  • USD68.2440
  • EUR79.6305
  • RUB1.0791
Ак калпак кийген кыргызстандыктар. Архивдик сүрөт

Москвадагы "Өлбөс полктун" жүрүшүнө ак калпакчан 200 кыргызстандык катышат

© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Коом
Кыскача шилтеме алуу
Улуу Жеңишке 72 жыл (28)
27120

"Өлбөс полкко" кыргызстандыктар 2012-жылы кошулган. Өткөн жылы Бишкекте өткөн жөө жүрүшкө 10 миңден 20 миңге чейин адам чыккан.

БИШКЕК, 8-май. — Sputnik. Москвада 9-май күнү өтө турган "Өлбөс полк" жөө жүрүшүнө "Өлбөс полк "Кыргызстан" аталышындагы колонна дагы катышат. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Россиядагы кыргыз диаспорасынын вице-президенти Улан Кошматов билдирди.

Анын айтымында, жөө жүрүшкө ак калпакчан 200 кыргызстандык катышат.

"Бардык жагдайлар жергиликтүү бийлик менен макулдашылган. Жөө жүрүшкө катышкан кыргызстандыктар согушта курман болгон баатырлардын сүрөттөрүн жана терроризм менен фашизмге каршы лозунгдар менен чыгышат", — деди Кошматов.

Диаспора өкүлдөрүнүн жарымы Волоколамскиге панфиловчу аскерлерди эскерүү үчүн барышат. Ал эми калган өкүлдөр Москвада калышат.

"Өлбөс полкко" катыша турган мекендештер Москва убактысы боюнча саат 14.00дө Белорусский метро станцияларынын жанына чогулушат.

"Өлбөс полк" — 9-майга карата жыл сайын өткөрүлүүчү эл аралык ири акция. Ал Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине жана катышуучулардын элесине арналып, жүрүштө согушта курман болгондордун жакындары алардын сүрөттөрүн кармап өтөт.

"Өлбөс полкко" кыргызстандыктар 2012-жылы кошулган. Өткөн жылы Бишкекте өткөн жөө жүрүшкө 10 миңден 20 миңге чейин адам чыккан.

Тема:
Улуу Жеңишке 72 жыл (28)

Тема боюнча

Sputnik Кыргызстан Жеңиш күнүнө карата "Баарыбызга таандык" акциясын баштады
Белгилер:
жөө жүрүш, "Өлбөс полк" акциясы, Москва
Колдонуу эрежелериПикирлер

ЭҢ МААНИЛҮҮ