Чоң-Алай: жер титирөөдөн жабыркаган 1500 жаранга медициналык жардам көрсөтүлдү

© Sputnik / Табылды КадырбековЦентр лечения патологии почек в Бишкеке
Центр лечения патологии почек в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кырсык болгон аймакта 54 дарыгер иш алып барууда.

БИШКЕК, 7-май. — Sputnik. Чоң-Алай районунда улам кайталанып жаткан жер титирөөдөн жабыркаган тургандарга дарыгерлер күнү-түнү нөөмөткө туруп жардам көрсөтүп жатат. Бул туурасында Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Последствия землетрясения в селе Шибээ - Sputnik Кыргызстан
Оштогу жер титирөө: мектептен качып чыктык, окууну улантуудан коркуп жатабыз
Билдирмеге караганда, дарыгерлер 1500 адамды медициналык кароодон өткөргөн. Алардын 572си 14 жашка чыга элек балдар болгон. Ал эми экөө ооруканага жаткырылып, абалы туруктуу. Жеринде 54 дарыгер иштеп, алты Тез жардам унаасы тартылган.

Белгилей кетсек, 3-майда саат 10:47те Тажикстандын аймагында очогунда күчү 7 баллга жеткен жер титиреген. Анын таасири Кыргызстанда дагы сезилген. Жер титирөө Баткен облусунан түштүк-чыгышты карай 120 чакырым, Ош шаарынан түштүк-батышты карай 192 чакырым алыстыкта катталган. Андан кийинки күндөрү да бир нече ирет жер силкинген. Мунун кесепетинен Чоң-Алай районунда бир нече социалдык мекемелердин имараттары жана турак жайлар авариялык абалга келип, 2964 жаран чатырларга көчүрүлгөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0