06:22 15 Жетинин айы 2019
Түз эфир
  • USD69.8500
  • EUR76.8979
  • RUB1.0878
Ырчы Роза Шакированын архивдик сүрөтү

Роза Шакирова айылга кат жазды. Ата-эне сагынычы, тынчтык бербеген ойлор

© Sputnik / Жоомарт Ураимов
Коом
Кыскача шилтеме алуу
"Айылга кат" — адамдардын ички сезими, сагынычы, эскерүүсү (73)
108820

Бул сапар айылга катты Роза Шакирова жазды. Ырчы кыз Баткендин Айдаркен шаарчасында жарык дүйнөгө келген. Эркеке баладай болуп өскөн Роза катында ата-энеден бир ооз жылуу сөз аябай, жок дегенде "жакшы көрөм" дегенди айтып коё жүрүү керектигин эске салды.

Ошентип, кат жазууну баштадым. Эгерде балалыкты эске салсам, мектепти өтө жакшы окуган жокмун. Чынын айтсам, жипке тизген шурудай эмес элем. Гүлдөрдү сындырып, дагы башкасын төгүп алып, балдарды уруп коюп, айтор, шогураак болчумун. Айылды эстегенде улактарымды кайтарып, тоодо чөп чаап жүргөн кездерди көп ойлойм.

Каттарды катырган кездерим. Бир тууган агам Украинанын Десна деген аймагында аскердик кызматын өтөгөн. Эл жумасына же айына бир нече ирет жазса, мен агама күнүгө жазчумун.

"Биринчиден ден соолугуңуз кандай, экинчиден аба ырайы кандай" деген суроолор коёндой окшош сөздөр менен тизмектелчү. Андан да үчүнчүдөн"бизди сагындыңызбы, эмне жаңылык?" деп сурай берээр элем. Аскерде жүрсө кайдагы жаңылык деген ой анда кайдан келиптир…

Агам менин көңүлүмдү калтырбайын дейби, айтор, "эртең менен саат алтыда турабыз" деп баштачу жаңылыктарын. Кайра эле эртеси күнү ошол учурда кат жазганга отурмай, суроолорго коюлган үтүрдүн орду да өзгөрүп койсочу… Балалык кез экен да.

"Бизде жаңылык — уй тууду, эчкилер көбөйүп жатат. Мал кайтарганга мен чыгып кыйналып кеттим, эртерээк келиңиз. Кээде "ыйлап жатам" деп көз жаштын сүрөтүн тартып коёр элем.

Азыр кат эмес СМС аркылуу кабарлашып калбадыкпы… Эми бул мезгилдин өзүнүн өзгөрүүсү окшойт да. "Кандайсың, жакшы турасыңбы?" деп бадырайта жазылган сүйлөмдөр жок. Кыска-кыска сөздөр менен чектелебиз.

Мен үчүн кат алыс жерде жүргөн тууган-уруктун ал-ахывалын сурап, амандыгын билүү болчу. Киши катты сагынганда жазат деп түшүнөм. Шатыра-шатман болгон менен жүрөктө бир кусалык турат… Кат десе, киндик кан тамган жеримди эстейм…

Жүрөккө тынчтык бербеген кыр

Айылга кире бериште кыр бар. Ошол жерге барганда жүрөгүм ойноп кетет, аны токтотууга мүмкүн эмес. Таңгалычтуусу — үйгө жеткенде ал сезимдер жок болот. Мунун эмне экендигин чынын айтсам, түшүндүрүп деле бере албайм… Чөп чаап, улактарымды кайтарган күндөрдү эстеймби, билбейм.

Жүрөгүм ушинтип лакылдап кетти десем, үйдөгүлөр "жүрөгүңдү бир текшертип койчу" деп чын эле мандем бардай кабыл алышат. А мен муну туулган жердин касиети деп билем.

Эсимде. Кичинемден тарта эле сырттын иши менен болдум. Уйдун алдын тазалап, кар күрөп, чөп жыйнап, улак, кой кайтарчумун. Чынын айтсам, үй ишинен качып, күнгө күйгөнүмө кайыл болуп сыртта жүрө берчүмүн. Ал эми эжем менен сиңдим үйдүн ишин кылчу. Ошентип 11-классты бүткөнчө эркек баладай болуп жүрдүм.

Биринчи ирет бети-баштын боёгун тааныган күнүм да эсимде. Мектепти аяктап, окууга тапшырып калдым. Жанымдагы кыздар бетин, кашын боёсо, аларды таңгалып карайм. Аларды туурайын десем, же боёк жок. Сурасам бербейт.

Кыязы чоңоё баштадым окшойт, анан училищеде окуп жүргөндө апамды "тигип бериңиз, көйнөк, юбка кием" деп чыктым. Ага чейин жалаң шым кийип жүрүп, чоңойдум. Кээде агаларымдын шымдарын "менчиктеп" алар элем. Ошентип апамдын колунан чыккан көйнөктү кийип, башкаларчылап боёнгонду үйрөндүм…

Бул катты жазып жатып, айылга бир ирет барып келгендей болдум

Атам 2010-жылы, апам былтыр, декабрда өтүп кетти. Жаратым жаңы болгон үчүнбү, азыр апамды көп эстейм, тигип берген көйнөктөр дале күнү бүгүнкүдөй жанымда. Айткан акыл-насааттарын кайрадан көз алдымдан өткөрүп чыгам. "Апам күйөөңө карап жүр, айтканын кыл" дечү эле. Кудайга шүгүр, кайын-журтум жакшы. Азыр көп нерсени кайнежем үйрөтөт. Мындайча айтканда мен үчүн "туруп берет". Андыктан апамдын сөзү текке кеткен жок деп эсептейм.

Эсимде. 2008-жылы цирктин имаратында концерт бердим. Ата-энемди эрте алып барган үчүн ичи бош эле. Кийин айтып берсе, эл келеби-келбейби деп абдан санааркашыптыр… Ошентип концерт бүттү, үйгө кетип баратсак эле апамдын эки көзү эки тоодой. Чочуп кеттим. Көрсө, санааркап, убайым тартып ыйлай бериптир да. Сурасам, "сүйүнгөнүмдөн ыйладым да, балам" деп коёт.

Атамды көргөн өлбөсүн

Экөөнү тең ээсине бергендиктен, айылдагы карыяларды көргөндө кадимкидей канааттанып калчу болдум.

Хайдаркендеги Сулуу эже, Тилла эже, Саткын эже, Гүлзар эжем, Чоң апам. Мен сиздерге ушул кат аркылуу салам айтам. Аман-эсен жүрүңүздөр, оорубаңыздар дегим келет. Кыргыздагы "атам өлсө өлсөн, атамды көргөн өлбөсүн" деген сөздү эми түшүнүп отурам…

Айылдаштарыма айтаар сөз. Мен чоң турмушка аттанганыма көп болду. Балапан кезде өскөн үйдү таштап учуп кеттик. Азыр "апа, сагындым, сен аябай жакшы адамсың деп айттым бекен, ата, сени жакшы көрөм, мени тарбиялаганыңа рахмат дедим бекен" деп ойлой берем…

Замандаштарым, силер да ата-энеңерге кат жазбасаңар да телефон чалып, ал-ахывалын сурап, жылуу сөзүңөрдү аябагыла. Бир ооз жылуу сөз. Ал ата-энеге канчалык жагымдуу, канат-бутак болорун билбейсиңер. Ошенткиле.

Силерге жакшылыктарды каалап, кызыңар Роза Шакирова.

Тема:
"Айылга кат" — адамдардын ички сезими, сагынычы, эскерүүсү (73)

Тема боюнча

Роза Шакирова: "Таппай жүрөмдү" ырдаганда атамдын элеси тартылат
Роза Шакирова: тойдун акысын эки жашка кошумча деп таштап кеткен учурлар болот
Анара Шаимкулованын айылга каты. Энемди көргөн өлбөсүн, атамдын дени сак болсун
Белгилер:
арман, айылга кат, сагыныч, ырчы, Роза Шакирова

ЭҢ МААНИЛҮҮ