Көзү өткөн аялга үч жыл бою пенсия "төлөгөн" соцфондчуларга иш козголду

© Sputnik / Табылды КадырбековКалькулятор жана акча каражаттар. Архив
Калькулятор жана акча каражаттар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
2013-жылдын 1-июнунан 2016-жылдын 31-июлуна чейин каза болгон аялдын банктык эсебине мыйзамсыз пенсия төлөнүп, түшкөн каражатты белгисиз адамдар алып турган.

БИШКЕК, 5-май. — Sputnik. Токтогул районунун Социалдык фонд башкармалыгынын кызматкерлерине кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматы кабарлады.

Насилие в семье - Sputnik Кыргызстан
Статистика: былтыр өлкөдө пара берүүгө караганда зордуктоо көп катталган
Кылмыш иши Кылмыш кодексинин 304-беренеси (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланды) менен козголгон.

Белгилүү болгондой аталган башкармалыктын кызматкерлери пенсияга чыккан аялдын көзү өтүп кеткенин билип туруп, 2013-жылдын 1-июнунан 2016-жылдын 31-июлуна чейин ал аялдын банктык эсебине мыйзамсыз акча которуп турушкан. Түшкөн каражатты белгисиз адамдар алып турган", — деп жазылат маалыматта.

Башкы прокуратуранын маалыматына ылайык, бул иштер мамлекетке бир топ материалдык чыгым алып келген. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0