Бүгүн бардык мечиттерде жер көчкүдөн каза болгондорго куран окулат

© Sputnik / Максим Богодвид / Медиабанкка өтүүМечиттеги адам. Архив
Мечиттеги адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Дин кызматкерлери Аюу айылында жабыркагандарга бир күндүк эмгек акысын бөлмөй болду.

БИШКЕК, 5-май. — Sputnik. Бүгүн жума күнү республика аймагындагы бардык мечиттерде Өзгөн районунун Аюу айылында жер көчкүдөн каза болгондорго багышталып куран окулат. Бул тууралуу муфтияттан билдиришти.

Вице-премьер Жеңиш Разаковдун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Радио
Разаков: жыл башынан бери 34 адам көчкү алдында калган
Маалыматка ылайык, жалпы мусулмандар жума намаздан кийин түрдү жаратылыш кырсыктарынан оолак болуу үчүн бата кылышат. Ошондой эле дин кызматкерлери Аюу айылында жабыркагандарга жардам катары бир күндүк эмгек акысын бөлмөй болушту.

Эске сала кетсек, 29-апрель күнү эртең менен саат 6:40тарда Ош облусунун Өзгөн районундагы Зергер айыл аймагынын Аюу айылында жер көчүп, 24 тургунду басып калган. Cегизинин сөөгү чыгарылып, калганын издөө иштери кечээ биротоло токтотулду.

Жаңылыктар түрмөгү
0