Согушта каза болгон Өмүралиевдин "СССРдин баатыры" ордени туугандарына берилди

© Sputnik / Евгений Биятов / Медиабанкка өтүүПрезентация выставки "Память о Победе. Награды Второй мировой войны"
Презентация выставки Память о Победе. Награды Второй мировой войны - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандык жоокердин сөөгү 2013-жылы "Память" издөө тобунун мүчөлөрү тарабынан Москва шаарынан 230 чакырым алыс жайгашкан Ржев районунун Погорелки айылынан табылган.

БИШКЕК, 4-май — Sputnik. Улуу Ата Мекендик согушта дайынсыз жоголгон Меңдеш Өмүралиевдин Советтер Союзунун баатыры ордени анын бир тууганынын баласы Абдыжапар Абышовго тапшырылды.

Sputnik Улуу Жеңиштин урматына Георгий тасмасын тапшырат - Sputnik Кыргызстан
Sputnik Улуу Жеңиштин урматына Георгий тасмасын тапшырат
Бул орден Улуу Жеңиштин 72 жылдыгына карата КМШ өлкөлөрүнүн алдындагы Көз карандысыз мамлекеттердин достугу жана улуттук аскерлердин иштери боюнча комитети тарабынан берилген. Аны аталган комитеттин төрагасынын кеңешчиси, Аба аскер десантынын генерал-майору Николай Лифанов тапшырды.

Кыргызстандык жоокердин сөөгү 2013-жылы "Память" издөө тобунун мүчөлөрү тарабынан Москва шаарынан 230 чакырым алыс жайгашкан Ржев районунун Погорелки айылында табылган. Мендеш Өмүралиев 1910-жылы Талас облусунун мурдагы Бакай-Ата районунда туулган.

Анын сөөгү былтыр Кыргызстанга алып келинген. Өмүралиев Киров аскер комиссариаты тарабынан 1941-жылы Кызыл Аскердин катарын толуктап, 1942-жылы согуш талаасынан дайынсыз жоголгон. Сөөктү казуу учурунда анын төш сөөгү минометтун окторунан жабыркап, колдорунда эки граната болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0