Көлдө бир метрге жеткен кар жаап, малчыларга чөп алып бараткан киши каза болду

© Фото / пресс-служба МЧС КРКар тазалоо иштери. Архив
Кар тазалоо иштери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кардын калыңдыгына байланыштуу кыштоодогу малдардын чөбү түгөнүп, 29 баш кой, 2 баш уй өлгөн. Андан сырткары, беш жылкыны кар көчкү басып калган.

БИШКЕК, 4-май — Sputnik. Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Эңилчек айыл аймагына караштуу Ак-Чий жана Боз-Учук айылдарына тиешелүү жайытка бир метрге чейин кар жааган. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.

© Фото / пресс-служба МЧС КРЫсык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Эңилчек айыл аймагына караштуу Ак-Чий жана Боз-Учук айылдарына тиешелүү жайытка бир метрге чейин кар жааган
Сильный снегопад в селе Ак-Чий и Боз учук Ак-Суйского района Иссык-Кульской области - Sputnik Кыргызстан
Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Эңилчек айыл аймагына караштуу Ак-Чий жана Боз-Учук айылдарына тиешелүү жайытка бир метрге чейин кар жааган

Анын кесепетинен Кайыңды жайлоосуна баруучу жолдо кар күрткүлөрү пайда болуп, кыштоодогу малчыларга чөп алып баруу кыйындаган. ГАЗ-66 унаасы менен чөп алып бараткан эки киши жол кырсыгына кабылып, бирөө каза болуп, экинчиси оор жаракат алган. Каза болгон адамды райондук өлүкканасына, жабыркаган адамды ооруканага Тез жардам унаасы жеткирген.

© Фото / пресс-служба МЧС КРАнын кесепетинен Кайыңды жайлоосуна баруучу жолдо кар күрткүлөрү пайда болуп, кыштоодогу малчыларга чөп алып баруу кыйындаган
Сильный снегопад в селе Ак-Чий и Боз учук Ак-Суйского района Иссык-Кульской области - Sputnik Кыргызстан
Анын кесепетинен Кайыңды жайлоосуна баруучу жолдо кар күрткүлөрү пайда болуп, кыштоодогу малчыларга чөп алып баруу кыйындаган

Андан сырткары, кардын калыңдыгына байланыштуу кыштоодогу малдардын чөбү түгөнүп, 29 баш кой, 2 баш уй өлгөн. Алдын ала алган маалыматтар боюнча тоодон кар көчкү түшүп, беш жылкыны басып калган.

3-майда райондук Жарандык коргонуу комиссия кар жааган аймакка абалды жеринен тактоо үчүн чыгып кетти. Учурда жолду тазалоо иштери жүрүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0