Рейд: мас жана унааны туура эмес токтоткон айдоочулар кармалат

© Sputnik / Табылды КадырбековЖол кайгуул кызматкери. Архив
Жол кайгуул кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Иш-чара эки күн эртеден кечке чейин болот.

БИШКЕК, 4-май. — Sputnik. Бишкекте Кайгуул милициясы "Рулда" деген аталыштагы рейд жүргүзүп жатканын аталган органдын маалымат кызматынан билдиришти.

Рейд саат сегизде башталып, 4 жана 5-май күндөрү өткөрүлөт.

"Текшерүү иштерине Кайгуул милициясынын башкы башкармалыгынын борбордук аппаратынан жана Бишкек кайгуул кызматынын күчтөрү менен каражаттары тартылды. Рейд учурунда унааны туура эмес токтоткон жана рулга мас абалда отурган айдоочуларга өзгөчө көңүл бурулат", — деп айтылат билдирүүдө.

Рейддин жыйынтыгы 8-майда жарыяланат.

Жаңылыктар түрмөгү
0