Кыргыз сомунун айрым банкноттору чет өлкөдө миңдеген рублдан сатылууда

Жазылуу
Үч жыл мурун Токтогул Сатылгановдун 150 жылдыгына жана Алыкул Осмоновдун 100 жылдыгына арналып, 100 жана 200 сомдук эстелик банкноттор чыгарылган.

БИШКЕК, 4-май. — Sputnik. Чет өлкөлүк интернет-аукциондордо кыргыз сомунун айрым банкнотторунун баасы бир нече миң рублга бааланып жатат.

Мисалы, "Мешок" аукционунда эстелик үчүн жасалган 100 жана 200 сомдуктар 2,5 миң рублден сатылууда.

Сомдун расмий графикалык символу - Sputnik Кыргызстан
Сомдун доллар менен евро сыяктуу графикалык белгиси пайда болду
Улуттук банктын расмий сайтындагы маалыматка караганда, 2014-жылы Токтогул Сатылгановдун 150 жылдыгына жана Алыкул Осмоновдун 100 жылдыгына арналып, 100 жана 200 сомдук эстелик банкноттору чыгарылган.

100 сомдукта "Токтогулга 150 жыл", 200 сомдукта "Алыкул Осмоновго 100 жыл" деп жазылган.

Ар биринде сериялык номер аталган инсандардын инициалдары менен башталат.

Бардыгы болуп 6 миң купюра чыгарылган. Аларды Кыргызстандын аймагында расмий түрдө төлөм каражаты катары пайдаланса болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0