Саяпкер Төлөмүш Уржанов: кичине кезимде ат ала качып кетип жеңишке жетишкем

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүЧемпионат Республики Алтай по Кок-бору
Чемпионат Республики Алтай по Кок-бору - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ата-бабадан калган саяпкерлик өнөрдү азыркы учурда аркалагандар арбын. Бирок тажрыйбалуу жана артынан шакирт ээрчиткендер саналуу гана.

Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы Мирбек Сакенов көчмөн элдин канаты болгон жандыкты өз баласындай карап, таптаган 60 жаштагы саяпкер Төлөмүш Уржанов менен маек курду.

© Фото / Бекзат Алиев Саяпкер Төлөмүш Уржанов: биринчи жолу 14 жашымда аламан байгеде ат чаап утуп алгам. Кичинекей болчумун да, ат ала качып кетип жеңишке жеткем. Ошондон кийин жылкы менен "оорудум"
Берейтор (объездчик верховых лошадей) Толомуш Уржанов - Sputnik Кыргызстан
Саяпкер Төлөмүш Уржанов: биринчи жолу 14 жашымда аламан байгеде ат чаап утуп алгам. Кичинекей болчумун да, ат ала качып кетип жеңишке жеткем. Ошондон кийин жылкы менен "оорудум"

— Саяпкерлик менен канча жылдан бери алектенесиз? Бул өнөргө кандайча кызыгып калдыңыз эле?

— Биринчи жолу 14 жашымда аламан байгеде ат чаап утуп алгам. Кичинекей болчумун да, ат ала качып кетип жеңишке жеткем. Ошондон кийин жылкы менен "оорудум". Кийин 1974-жылы Чолпон-Атадагы ат майданында мелдеш болуп, анда дагы жеңишке жеттим. Мектепти аяктаган соң окуйм-чокуйм дебей эле Россиянын Пятигорск шаарындагы ипподромго кетип калдым. Ошондон бери саяпкерлик менен алектенип келе жатам.

— Бул өнөрдү аркалаган адам катары саяпкерликти кантип түшүндүрөсүз? Атты сүйүп, мелдешке катышкандын баары эле саяпкер эмес да…

Кыргызстандын эң чоң аргымагы. Миллион долларга берилбеген бир тонналык "Барон" - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандын эң чоң аргымагы. Миллион долларга берилбеген бир тонналык "Барон"
— Бул өнөрдү Кудай өзү берет, ансыз болбойт экен. Кызыгып алып эле саяпкермин деп жүргөндөр бар. Бирок алар өздөрүнө ат таптаганга жаралдымбы деп суроо беришпейт. Себеби ат менен итте тил жок болгону менен сезимдери күч. Чабандес болуп жүргөндө далайды көрдүм. Бир тулпарды бир чабандес минсе чуркабай коет, башка бирөө минсе шамал менен жарыша чуркап, баш байгени алат. Булар адамдын ички дүйнөсүн сезет. Менин айтканымды жылкы менен түшүнүгү жок адамдар укса "бул эмне эле тантырап атат" дешет. Жылкыны сылап-сыйпап жакшы баксаң, сага жеңиш тартуулап, жанын сабап намысыңды коргоп берет. Саяпкер тулпарын баладай эле карайт.

— Бир күндүк ишиңизди айтып берсеңиз?

— Бул жалкоонун иши эмес, анан жасап коем деген болбойт. Төшөктөн туруп алып эле карашың керек. Ат көбүнесе тамактануудан бузулат, азыгын убагында жана өлчөмү менен бериш керек. Көбүрөөк азык берип, минип койсоң ат бузулат. Кыргызда "ток ат — жок ат" деген жакшы сөз бар. Бекеринен айтылбаптыр. Мелдешке даярдап жаткан атты өзүм минип машыктырам. Бул деле адамдай, тажатып ийсең кой кайтарган ат болуп калат.

© Фото / Бекзат Алиев Саяпкер Төлөмүш Уржанов: саяпкерлик ээрчитип жүрүп эле үйрөтүп кое турган өнөр экен. Муну сөз менен айтып үйрөтө албайсың. Атты мелдешке чогуу даярдап, багып, токуп жүрүп эле билип алышат. Кийин алар жеңишке жеткенде туура багыт берген экенмин деп кубанып калам
Берейтор (объездчик верховых лошадей) Толомуш Уржанов - Sputnik Кыргызстан
Саяпкер Төлөмүш Уржанов: саяпкерлик ээрчитип жүрүп эле үйрөтүп кое турган өнөр экен. Муну сөз менен айтып үйрөтө албайсың. Атты мелдешке чогуу даярдап, багып, токуп жүрүп эле билип алышат. Кийин алар жеңишке жеткенде туура багыт берген экенмин деп кубанып калам

— Алдына эч кимди салбаган тулпарларды кантип тандап, тарбиялайсыз?

— Ата-тегин, сынын карап издейсиң. Жакшы бээ алып аны багабыз. Анан мыкты айгырга каратабыз. Бээнин ичиндеги кулундун жакшы өрчүшү үчүн багуусуна көңүл буруу керек.

— Эне-баланын ден соолугу дегендей эле турбайбы?

Салбуурун федерациясынын президенти, Эл агартуунун отличниги, грек-рим жана эркин күрөш боюнча спорттун чебери Алмаз Акунов - Sputnik Кыргызстан
Алмаз Акунов: салбуурунчулар кадимки согуштун тактикасын колдонот
— Ооба, баладай эле карайсың. Туулгандан тарта эч нерседен кем кылбай багасың. Жакшы көрүп жатканыңды билген бала эркелеп, көп тил укпай баштайт го, тай дагы ошондой. Эгер сени башкарып алса, анда ал чуркабайт. Ошондуктан кичине коркуп турушу керек. Сабиз, жумуртка, бал, айтор керектүү нерседен кем кылбай, организмине жагымдуулугун тандап, колдон келишинче багабыз.

Андан сырткары, сынын карап тандайсың. Азыр менин көзүм каныгып калды, себеби миңдеген аттарды көрдүм да. Элестеткиле, бир күндө эле Ростовдогу ипподромдо 18 ат чапчумун. Анан азыркы аттарды мингенде союз учурунда рекорд койгон аттарга салыштырасың. Мойну узун, бели кыска, өркөчү бийик жана чаткаяктагы булчуңдары билинип турса эле баамдап коесуң.

— Кырк жылдан ашык саяпкерлик менен алектенет экенсиз, жетишкендиктер арбын болсо керек?

— Союз учурунда кыска аралыкка чабуу боюнча Кыргызстан менен Казакстандын мыкты чабандеси аталдым. Казактардын атын чаап сегиз жолу рекорд коюп, спорттун эл аралык чебери наамына ээ болгом. Анда Алматынын иппордромуна союздук республикалардан жана чет өлкөлөрдөн мыкты деген тулпарлар чогулчу. Андан кийин саяпкерликке баш-отум менен кирип кеттим. Түп районунда менчик аттарды таптап, 2009-жылы Нурсултан Назарбаевдин кубогун жеңип алдым. Ал мелдешке 200-300 миң долларлык күлүктөр жарышка чыккан. Мен 3000 долларлык ат менен чыгып утуп алгам. Байгелүү болгондон кийин ал атты казактар 35 миң долларга сатып алышты. Андан кийин да бир топ мелдештерге катыштым. Былтыр таптаган эки кунанымдын бирин жети, экинчисин сегиз жарышка салдым. Экөө тең байгелүү орундарды алышты. Өткөн айда эле бир автоунаа уттум.

— Анан шакирттерди тарбиялап жатасызбы?

Кыргыздын ат жабдыктары. Ээр-токум - Sputnik Кыргызстан
Ат кантип токулат? Ээр-токум: ноктодон тарта камчыга чейин
— Саяпкерлик ээрчитип жүрүп эле үйрөтүп кое турган өнөр экен. Муну сөз менен айтып үйрөтө албайсың. Атты мелдешке чогуу даярдап, багып, токуп жүрүп эле билип алышат. Кийин алар жеңишке жеткенде туура багыт берген экенмин деп кубанып калам. Азыркы маалда 18-19-жаштагы Данияр, Кайрат деген шакирттерим Ростов-на-Дону шаарында чабандес болуп иштеп жатышат. Ат менен ооруган балдар экен. Бирөө биринчи жарышка чыкканда эле утуп, кийин Назарбаевдин кубогун жеңди. Андан сырткары, Түп районунда жети жылдай жүрүп калдым. Ошондо ээрчип жүргөндөр азыр Кыргызстандын ичинде автоунаа утуп жатышат.

Жаңылыктар түрмөгү
0