Бишкек, Токмок жана Жалал-Абад шаарларында газ өчөт

© AFP / BARBARA SAX Газификация Берлина
Газификация Берлина - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мындай аракеттер газ куурларындагы оңдоо иштеринен улам болууда.

БИШКЕК, 3-май — Sputnik. Токмок шаарындагы Дунларов жана Жалал-Абад шаарынын Бакиев көчөлөрүндө 4-майда сегиз саат көгүлтүр от өчүрүлөт. Бул тууралуу "Газпром Кыргызстан" ишканасынан маалымдашты.

Ага ылайык, Токмок шаарында газ саат 8:00дөн 17:00гө чейин өчсө, Жалал-Абад шаарында саат 9:00дөн 16:00гө чейин токтотулат. Мындай аракеттер газ куурларындагы оңдоо иштеринен улам болууда.

Андан сырткары 10-майдан 12-майга чейин Бишкек шаарынын Тоголок Молдо, Кудрук, Профессор Зима, Чоң Чүй каналынын аймактарында газ берүү убактылуу токтотулат.

Жаңылыктар түрмөгү
0