Ата Мекендик согуштун ардагери Бакир Чодобаев 93 жашында каза болду

© Sputnik / Александр Кондратюк / Медиабанкка өтүүСогуш ардагери. Архив
Согуш ардагери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ал 1924-жылы 9-майда Ысык-Көл облусунун Ак-Терек айылында туулган.

БИШКЕК, 2-май — Sputnik. Кыргызстанга эмгек сиңирген геолог Бакир Чодобаев узакка созулган оорудан улам 93 жашында 2-май күнү каза болгонун жакындары билдирди.

Чодобаев Кыргызстанда Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлеринин жана тылда эмгектенгендердин бирикмесин негиздеген.

Согуш ардагери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда болгону 640 согуш ардагери калды. Статистика
Ал 1924-жылы 9-майда Ысык-Көл облусунун Ак-Терек айылында туулган. Кийин Улуу Ата Мекендик согушка катышкан.

КР ССРине жана Кыргызстанга эмгек сиңирген геолог, илим жана техника тармагында КР мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты болгон. "Эмгек Кызыл Туу", "Эрдик үчүн", "Даңк" Экинчи даражадагы "Манас" ордени менен сыйланган.

Анын сөөгү 3-майда "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлат.

Жаңылыктар түрмөгү
0