19:00 30 Бугу 2017
Түз эфир
Коом

Акын Болгонбаев: азаптан болдук кутулбас, арман азабы болдуң ушул жаз

Кыскача шилтеме алуу
Өзгөндүн Аюу айылында 24 киши жер көчкүнүн алдында калды (39)
614 0 0
Youtube/ Azamat Bolgonbaev

Жер көчкү алдынан кечээ түш ченде 12 жаштагы жана 2 жаштагы эки кыздын, кечке маал 20 жаштагы дагы бир кыздын сөөгү табылган.

Белгилүү акын Азамат Болгонбаев Аюу айылында жер көчкү басып каза болгон мекендештерге арнап жоктоо ырын аткарды.

Өзгөн: артымды карасам үй жок, баарынан айрылдым! Күйүткө баткандардын ыйы
© Видео / Зульфия Тургунова, пресс-службы правительства и МЧС КР
Белгилей кетсек, 29-апрелде эртең менен саат 6:40тар чамасында Өзгөн районунун Зергер айыл аймагындагы Аюу айылында көлөмү 200 миң метр куб жер көчкү жүрүп, алдын ала маалымат боюнча алты үй-бүлөдөн 24 кишини басып калган. Көчкү алдында калган жети турак жайдын бирөөндө эч ким жашаган эмес.

Адистердин айтымында, көчкүнүн бийиктиги болжол менен 4,5-5 метрди түзөт.

Кечээ түш ченде 12 жаштагы жана 2 жаштагы эки кыздын, кечке маал 20 жаштагы дагы бир кыздын сөөгү табылган. Топурак алдында калгандарды издөө аракети бүгүн да уланып, жалпысынан 380 адам тартылган.

Аюу айылы Өзгөндүн борборунан 30 чакырым алыстыкта жайгашкан. Аталган аймакта 248 үй-бүлө, ал эми киши саны менен алганда 1800гө чукул адам жашайт.

Тема:
Өзгөндүн Аюу айылында 24 киши жер көчкүнүн алдында калды (39)

Тема боюнча

Петербургдагы кыргыздар жер көчкүдөн жабыр тарткан мекендештерге каражат чогултту
Өзгөн: жер көчкү алдында калгандарды издөө иштери кайрадан башталды
Белгилер:
Жер көчкү, ыр, Азамат Болгонбаев

Дагы видео

ЭҢ МААНИЛҮҮ